Ушул жуманын башында Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, ага Балыкчы шаарынын, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган келечектүү инвестицилык долбоорлор туурасында айтып берди. Жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын жогорулатуу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.
Жыйындагы эң негизги маселенин бири “Кызыл-Омпол” кени болду. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров кен боюнча кеңири сөз кылып, ал ачылса миңден ашуун жумушчу орун түзүлөрүн, экинчи «Кумтөр» пайда болорун айтып: “Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. Пайдасы ошол компанияда калмак. Биз былтыр ал ишкананын лицензиясын жокко чыгарып, мамлекетке алдык. Азыр “Кумтөрдү” кандай иштетип жаткан болсок, “Кызыл-Омполду” да 100% өзүбүз иштетебиз. Бир да проценти жеке менчик же чет элдик компанияларга кетпейт” — деди.
Андан ары адистер, эксперттер сүйлөдү. Радиациялык жана ядролук тармактар боюнча адис Эсенжан Мусурманкулов Кызыл-Омпол кенин казууда калкка зыяны болбой турганын өзүнүн ынанымдуу далилдери менен түшүндүрүп берди. Ал СССР убагында Москвадагы Улуттук изилдөө ядролук университетин аяктап, багыттама менен Кара-Балта комбинатына келип 40 жылдан ашуун иштеп, анын 30 жылын ядролук тармакка арнаган экен. Өз сөзүндө Кызыл-Омполду уран кени деп атоо жаңылыштык экенин билдирип, «Кызыл-Омпол» кенинде бир гана уран эмес, көптөгөн баалуу металлдардын түрлөрү бар экенин ачыкка чыгарды. Көрсө, уран 0,17%ын гана түзөт экен. Андан сырткары, фосфор — 3%, цирконий — 2%, торий — 0,22%, ал эми титаномагнетит — 95%ды түзүп турары маалым болду. Мындайча айтканда, «Кызыл-Омпол” кенинде эң негизгиси титаномагнетит бар экен.
Сөзүнүн соңунда Эсенжан Мусурманкулов кенди иштетүү айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбестигин, тескерисинче уранды чыгарып кетүү пайдалуу экенин айтып: “Түшүндүрүп айтканда үстүңкү, өсүмдүк жана топурак кыртышы гана алынат. Астында кум. Ал жерде бургулоо жана жардыруу иштери болбойт. Анткени, катуу таштар жок, дээрлик кум жатат. Аны магниттик сепаратор деген бар, жөн гана казылып алынат. Эч кандай химикат колдонулбайт. Оор компоненттер бөлүнүп алынат дагы, андан ары аларды бири биринен ажыратууга химиялык процесстер керектелет. Бирок, ал бул жерде жасалбайт. Кара-Балтага жеткирилип, ошол жактан соңуна чыгарылат” — деди.
Адистер белгилегендей, кандай гана уран казган жер болбосун ал казылган жеринде анчалык зыяны болбойт. Анткени, ал жерде руда гана болот. Руданы заводго алып барып байыткандан кийин анан коркунучтуулугу күчөйт, зыяндуулу арбыйт. Биздин өлкөбүздө уранды байыткан процесс жок. Андай завод да жок. Кара-Балтадан дагы байытуу процесси жасалбайт. Ага мүмкүнчүлүк дагы жетпейт. Болгону кендеги беш элемент өз-өзүнчө бөлүнүп алынып, бааларына жараша чет өлкөлөргө сырьё катары сатылат.
Кенди иштетүү планы боюнча тийиштүү маалымат берилгенден кийин жергиликтүү тургундардын суроолоруна эксперттер жана Мамлекет башчысы өзү жооп берди. Мурда кенди иштетүүгө каршы чыккандар дагы өз ойлорун ортого салып, көз-караштарын ачык билдиришти. Кеңири талкуудан соң Президент уранды казуу боюнча жалпы элдин пикирин сурады эле, катышкандардын баары колдоду. Ошого катар жергиликтүү тургундардан, активисттерден, эксперттерден турган атайын комиссия түзүлдү. Алар уран казуунун пайда-зыянын аныктап чыкмай болушту.
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 23-февралы