"Эркин-Тоо"

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды. Буга чейин Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркаткан. Эске салсак, буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, натыйжада айыл аймактарынын саны кыскарган. 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар. Президент ошондой эле шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!