21-22-октябрда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтөт. Ага Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинети, Мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
Кеңешмеде региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.
Кеңешменин жүрүшү КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.Түз эфир саат 10.00дө башталат.