"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү

28-ноябрда парламенттик шайлоо күнү Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин жана Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Натыйжада Кара-Суу шаардык кеңешине 2 партия. Ал эми Кербен шаардык кеңешине 5 партия өттү. Ушул эле күнү Жалал-Абадда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылында жана Чаткал районунун Терек-Сай айылында айыл кеңештерине депутат шайлоо өттү.