Касиеттүү көл жээгиндеги Барскоон айыл аймагы көлгө, тоого да жакын жайгашып, жаратылышы да бир ажайып жер. Айтылуу “Кумтөр” кенине каттаган машиналар мурун бул айыл аркылуу өтсө, азыр айыл четине техникалык жол салынып, машиналар ошол жол менен каттайт экен. Айыл кендин башында жайгашып, көйгөйү жок болсо керек десем, айыл башчы “Кумтөр” кенинин жайгашкан жери биздин аймакка карабайт, биздин деле башкалардыкындай күнгөй-тескей көйгөйүбүз бар” деген пикирин билдирип, сөзүбүз уланды.
— Алгабас Токторбекович, аймактагы алгылыктуу иштер боюнча токтолуп кетсеңиз.
— Ушул жылдын 1-апрелинен баштап Барскоон жана Тамга айыл өкмөттөрү кошулуп, Барскоон айыл аймагы болуп уюшулдук. Аймактык ирилештирүүнүн жыйынтыгы менен эки айыл өкмөттөн потенциалы күчтүү кызматкерлерди аныктап, айыл өкмөттө 11, андан сырткары 7 кызматкер келишимдин негизинде иштеп жатат.
Аймагыбызга Барскоон, Тамга, Тосор жана Сырт өрөөнүндөгү чакан Караколка, Сөөк айылдары кирет. Жалпы 3483 кожолуктан туруп, 15429 адам жашайт.
Барскоон айыл өкмөтүнүн бюджети 43 млн сом, Тамга айыл өкмөтүнүн бюджети 37 млн сом болсо, бүгүнкү күндө 80 млн сомдук бюджетти өздөштүрүп, андан тышкары айыл тургундарынын кайрылуулары, өз демилгебиз менен инвестицияларды тартып, иштеп жатабыз.
Аймагыбызга тартылган инвестициялар боюнча, Тосор айылындагы маданият үйү жараксыз абалга келип калгандыктан, республикалык бюджеттен 82 млн сом бөлүнүп, маданият үйү курулуп жатат.
Тамга айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом, республикалык бюджеттен 4,5 млн сом бөлүнүп, курулуш иши жүрүүдө.
Былтыркы жылдын аягы менен жеке ишкер, Барскоон айылынын кулуну, Тойбос ишканасынын негиздөөчүсү Бектурсун Турганбаевичтин демөөрчүлүгү менен 100 млн сомдун тегерегиндеги каражатка бала бакча курулуп, алар бала бакчаны айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берди. Буга чейин Барскоон айылында бир эле бала бакча болсо, азыр бул багыттагы муктаждык жоюлуп, бүгүнкү күндө айыл өкмөт эки бала бакчаны тамак-аш, жылуулук менен камсыздап жатат.
Тамга айылындагы аэропортко баруучу жолдун 1 км 200 метри бүтө электигине байланыштуу, республикалык бюджеттен 8 млн сом бөлүнүп, жолдун курулушу толугу менен бүттү.
Таштанды ташуучу машинабыз жок болгондугуна байланыштуу “Кумтөр” компаниясына бул боюнча кайрылуу жөнөтсөк, алар бизге 3 млн сом бөлүп, ал каражатка айыл тургундарынын марафон өткөрүп чогулган 668 миң сом каражатын кошуп, таштанды ташуучу машинаны Кытайдан алып жатабыз. Биз да “Кумтөр” компаниясына жардам иретинде аймактан кенге кетүүчү техникалык жолго жана ылдыйкы өрөөндө жайгашкан “Волна” офиси турган жакка урналарды коюп берсеңер, таштандыларды чыгарып туралы дедик.
— Аймакта таза суу маселеси чечилгенби?
— Барскоон айылына 2022-жылдан бери ичүүчү таза суу маселесин чечүү багытында иш жүргүзүлүп, 13 км жогору жактагы Туюк коктусунан суу тартылууда. Бүгүнкү күндө бул иш 4 этаптан туруп, Туюк өрөөнүнөн тартылып жаткан суу айылга чейин жетип, жумуштар аягына чыгып калды. Бул курулуштун жалпы сметалык баасы 65 млн сомду түзөт. Таза суу тартуу иштери жергиликтүү бюджеттен аткарылып келе жаткандыктан, жакында кошумча 2 млн сом Жети-Өгүз райондук Өнүктүрүү фондунан бөлүндү.
Бул жерде бир көйгөй – бул долбоордун алкагында 150 кубдук суу сактоочу жай курулбай калгандыктан, келаткан жылы суу сактоочу жайды куруп бүтүрөбүз. Суу сактоочу жай курулбай калгандыктан азыр Барскоон айылынын 20%ы эле таза суу менен камсыз болууда. Буюрса, суу сактагычты куруп алсак, Барскоон айылы толугу менен таза суу менен камсыз болот.
Буга чейин Таарылга деген коктудан түшкөн суу таза суу катары пайдаланылып, ошол жердеги сугат жерлерге суу жетпей калчу. Азыр Туюк суусу менен Барскоон айылы таза суу менен камсыз болсо, Таарылгадан түшкөн суу 100 га жакын сугат жерди суу менен камсыз кылат деп турабыз.
Ал эми Тамга, Тосор айылдары боюнча айта кетсем, ал жак буга чейин эле 100% таза суу менен камсыз болгон. Азыр Тамга айылында бирин-экин чолок көчөлөр бар. Бул боюнча жергиликтүү тургундардан да кайрылуулар түшүп жатат. Эми 2025-жылы Барскоон айыл аймагынын эли толугу менен таза суу менен камсыз болот.
— Азыр мал чарбачылыгына, айыл чарба тармагында сапаттуу продукцияны өндүрүүгө басым жасалып жатпайбы. Бул багытта айыл тургундары менен кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Бул боюнча Айыл чарба департаменти менен иш жүргүзүп жатабыз. Тосор айылында “Тосор-Муратжан” жана Тамга айылында “Тамга” аталышындагы айыл чарба кооперативдери бар. Алар жаз-күз мезгилинде айыл тургундарынын үлүш жерлерин айдап-сээп, болгон муктаждыктарын чечип, өздөрүнүн кызматын базар баасынан төмөн тейлешет.
Айыл чарбасы боюнча айтсак, жергиликтүү тургундардын көбү арпа, буудайдын баасы өзүн актабагандыктан багбанчылык менен алектенип, айдоо-сугат жерлерге алма, карагат, малина, кулпунай ж.б. мөмө-жемиштерди тигип жатышат.
Ошентсе да, күздүк буудай 2024-жылдын түшүмүнө карата 24, 0 гектарды түзсө, жаздык буудай 179,0, жаздык арпа 477, 0, картошка 325, жашылча 42 гектарга себилип, түшүм жыйналып алынды. Мындан тышкары көп жылдык чөп 891,8 гектар аянтта жайгашкан.
Айыл тургундарынын кирешесинин бир багыты мал чарбасы болгондуктан, айылдыктар алыскы Сырт өрөөнүнө байма-бай барып турушат. Ошол себептүү, элдер жайытка барып келип турганга деп, жүк ташуучу машина сатып алууну пландап жатабыз.
— Багбанчылык боюнча дыйкандар өндүргөн продукциясын сатууда кантип жатышат?
— Быйыл өрүктү дүңүнөн алуучу соодагерлер жок болгондуктан баа төмөн болду. Себеби, коңшу казак эли өрүк өстүрүүнү колго алып жаткандыктан, мурункудай болбой, биздин өрүккө болгон талап азайууда.
Жергиликтүү калк да өрүк бактарын азайтып, алма, малина, карагат, кулпунай, бүлдүркөн өстүрүп, алыска сатууга ылайыктуу көчөттөрдү отургузууда. Эми элибиз базар экономикасы эмнени талап кылса, ошол жакка ыктап жатат.
Аймагыбызда кайра иштетүүчү чоң ишканалар болбогондуктан, чакан болсо да Тосор айылында “Тосор-Органик” ишканасы жергиликтүү элдин алыска алып кетүүгө мүмкүн болбогон жемишинен сок чыгарып, как даярдап берет.
Элдин өндүргөн азык-түлүгүнүн баасы чыкпай, сатылбай калып жатканы чоң көйгөй. Ошол себептүү, биз да логистикалык багытты уюштуруу жана кайра иштетүү боюнча Барскоон айылынан 1 га 11 сотых жерди трансформация кылып, ошол жерге логистикалык борбор куруп, ишкана ачам деген инвестор болсо, жерди көрсөтүүгө даярбыз. Бул маселе боюнча Кыргыз индустрия ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, былтыркы жылы өткөн жалпы Элдик курултайда биздин аймактан барган делегат бул маселени көтөргөн. Бул көйгөй көз жаздымда калбай, жакынкы жылдары чечилет деп ишенем.
— Кытай мамлекети менен байланышты чыңдоо максатында Барскоон-Бедел жолунун курулушу жүрүп жатат. Бул аймакка оң таасирин тийгизсе керек…
— Быйыл биздин аймактагы “Бедел” өткөрмө бекетинде жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар түзүлүп, ишке берилди. Буюрса, Барскоон-Бедел жолунун келечеги кеңири. Бул унаа жолунун курулушу бүтүп, биздин аймактан жүк ташуучу унаалар өткүдөй болсо, Ысык-Көл облусунан өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары Кытай мамлекетине киргизилет деп турабыз.
Аймактагы ички жолдорубуз боюнча айта кетсек, Тамга айылынын жолдоруна асфальт, Барскоон айылындагы жаңы конуштардын жолуна шагыл төшөп, Тосор айылынын тургуну жакынкы күндөрү айылдын айрым көчөлөрүнө шагыл төктүрүп берем дегендиктен, айыл өкмөт тарабынан күйүүчү майын камсыздап берели деп жатабыз.
Келе жаткан жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл толот эмеспи. Ошол иш-чарага эстеликтерди жакшы абалга алып келүүгө азыртан кам көрүп, Барскоон айылынын эстеликтери буга чейин эле оңдоп-түзөөдөн өткөн болсо, Тосор айылындагы эстеликтерди 500 миң сомго, Тамга айылындагы эстеликтерди 300 миң сомго оңдоп-түзөп жатабыз.
— Өлкө башчыбыз үлүш жерлерди рационалдуу пайдалануу боюнча байма-бай тапшырма берип келет. Бул маселе боюнча кантип жатасыздар?
— Ооба, социалдык-экономикалык керектөөнүн жогорулап жаткандыгына байланыштуу жер маселесин туура багытта колдонуубуз зарыл. Биздин аймак да жерди пайдалануу боюнча элге мурункудай 5, 10 сотыхтан бөлүп бербей, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча пландарды түзүп жатабыз.
Бир тарабыбыз тоо, бир тарабыбыз көл болгондуктан үлүш жерлер аздан тийип, тартыш болгондуктан баасы да кымбат. Ошол себептүү, айыл тургундарынан кайрылуулар келип, бул көңүл чордонундагы маселе. Азыр биз кайрылган жергиликтүү элди кезекке коюу менен гана чектелип жатабыз. Жаштарга бөлүп берүүгө болжолдогон жерлер бар. Бирок, алар бүгүнкү күндө трансформация боло элек.
— Жети-Өгүз районунун, Барскоон капчыгайынын кооздугу туристтерди тартып турат эмеспи. Туристтер менен кандай иштешип жатасыздар?
— Ооба, жерибиздин кооздугу менен сыймыктануу ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жанып турса дейм. Биздеги Тамга-Таш, Барскоон шаркыратмасын, андан ары Сырт өрөөнүн көрүүнү көксөп келген туристтердин агымы жыл бою үзүлбөйт. Азыр тоо туризми деп, эл ар кандай кызмат түрүн көрсөтүп, жаштар гиддин окуусун, тилдерди окуп, иштеп жатышат.
Туристтерди тейлөө боюнча Тосор айылы алдыңкы айылдын бири. Бул айылда меймандарды кабыл алуу, тейлөө боюнча иш алып барган ишкерлер арбын. Президентибиздин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар” деген жарлыгынын негизинде экологияны сактоо, өнүктүрүү багытында да атайын иштер жүргүзүлүп, Тосор айылында туризм багытында иш алып барган ишкерлердин 60%ы саркынды сууларды тазалоочу жабдыктарды коюшту. Бул жабдыктарды баасынын кымбатына карабай ишкерлер өз каражатынын эсебинен коюп, эми калган ишкерлер да акырындан коебуз деп жатышат.
— Аймактагы социалдык объектилердин абалы боюнча да айтып кетсеңиз.
— Билим берүү боюнча аймагыбызда 4 орто мектеп бар. Алардын бизге тиешелүү болгон кем-карчын, жеткинчек класстарды тамак-ашы менен камсыздап жатабыз. Быйыл Барскоон айылындагы К.Чылабаев орто мектебинин канализациясы АРИС уюмунун, коомчулуктагы демилгелүү топтун аракети менен 80 миң долларга жаңыртылып, мектеп ичине шарттары менен даараткана орнотулуп, ашканасы керектүү жабдыктар менен камсыздалды.
Жалпы социалдык объектилерге 350 тонна көмүр алып, аны Барскоон айылындагы 2 мектеп, 2 бала бакча жана Тамга айылындагы Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна бөлүштүрүп, Тамга, Тосор айылындагы мектептер свет менен жылытылгандыктан, алардын светке болгон төлөмдөрүн да жергиликтүү бюджеттен төлөп беребиз. Барскоон айылындагы Үй-бүлөөлүк борборубуз да 720 миң сомго тендерден өткөрүлүп, жакында ал жакты да оңдоп-түзөөдөн өткөрөбүз.
— Аймакта көңүл бурууну талап кылган кандай жагдайларыңыздар бар?
— Бизде багбанчылык жакшы өнүккөндүгүнө байланыштуу кайра иштетүү, логистика тармагын колго алуу боюнча кайрылууларды жасап келебиз. Алдыдагы иш-планыбызда, Барскоон айылына спорт комплексин куруу да бар. Барскоон айылындагы таза суу линиялары 1960-жылдары курулган экен. Эми ошо линиянын баарын алмаштырып чыгуу керек. Тамга айылына да мектепке кошумча имарат куруу зарыл болуп турат. Тосор айылы да туристтерди кабыл алуу боюнча курорттук аянтча болуп баратат. Ошол себептүү, ал жактагы бир чоң көчөгө асфальт төшөп, Барскоон айылындагы маданият үйүн дем берүүчү гранттын жардамы менен 11 млн сомго смета даярдап, оңдоп-түзөп алсак дейбиз. Ушул эле айылга жаңы бала бакча курулду эле, ал жактагы жол да талапка жооп бербегендиктен, аны асфальттоо боюнча дем берүүчү грантка сунуш берип, долбоорун даярдап жатабыз.
Дагы айта кетсем, Орусиядан инвесторлор келип, Барскоон суусуна 7,5 МБттык чакан ГЭС курулганы турат. Албетте, бул чакан ГЭС курулса, электр энергиясын өндүрүү боюнча мамлекетке салымыбыз болуп, андан сырткары жергиликтүү эл да кошумча жумуш оруну менен камсыз болот.
— Өкмөттөн аймактарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатабы?
— Өкмөткө биз кандай сунуш берсек, бюджеттин өлчөмүнө жараша жакшы эле колдоо берип жатат. Биздин аймак 80 млн сомго маданият үйүн куруп жатсак, андан сырткары эки айылдагы маданият үйүн түрткү берүүчү грант аркылуу оңдоп жатабыз.
Республикалык бюджеттен 6 млн сом бөлүнүп, Тамга, Тосор айылдарынын топосъемкасы бүтүп, Башкы планын даярдоо боюнча каражат бөлүнүп, даярдоо иши жүрүүдө. Барскоон айылынын Башкы планы буга чейин эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүткөрүлүп даяр болгондуктан, Башкы пландын негизинде көчөлөрдү кеңейтүү, логистикалык борборду куруу, саркынды суу үчүн канализация тартуу ишин жүргүзө алабыз.
Ошондой эле, Барскоон айылына коомдук тартипти сактоо боюнча республикалык бюджеттен милиция бөлүмчөсү курулуп, жакынкы күндөрү ишке берилет деп турабыз. Балыкчы-Каракол автожолунун жээгиндеги мал катышкан кырсыктарды алдын алуу боюнча атайын рейддер жүргүзүлүп, түнкүсүн бош жүргөн малдарды аныктап, алардын ээлерине 5500дөн 7500 сомго чейинки штраф салынды. Бул боюнча бир ай ичинде 7 айыл тургунуна протокол түзүлүп, акыркы 3 ай ичинде айыл аймакта мал катышкан кырсык катталган жок.
— Барскоон айыл аймагы республикалык деңгээлде өткөрүлүп жаткан “Мыкты айыл өкмөтү” сынагына катышууга талапкер болуп жатыпсыздар. Бул боюнча атайын критерийлер болсо керек?
— Биздин айыл аймактын аткарылып жаткан иштери жактырылып, жакында эле ведомстволор аралык комиссия келип, жүргүзүп жаткан иштерибиз менен таанышып кетишти. Бул сынакта эң биринчи калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болуусу, кедейлик деңгээлинин төмөндөө динамикасы көрсөтүлөт экен. Андан сырткары коомдук жайларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытындагы иштер, таштандыны ташып чыгуу жана утилдештирүү, маданий, спорттук иш-чараларды уюштуруу, элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүдөгү аткарылган иштер боюнча талаптар коюлуптур.
Албетте, Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, бардык багытта иш жүргүзүүдөбүз. Буга чейин эле эки айыл эли ичүүчү таза суу менен камсыз болсо, Барскоон айылында иштер жүрүп, келерки жылы аягына чыгуу алдында турабыз.
Кедейликтин деңгээлин төмөндөтүү багытында социалдык контракт боюнча “Кумтөр” ишканасы Жети-Өгүз районунун тургундарына 100 уй сатып берсе, ошонун 12си биздин аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө берилген. Уй менен камсыз болгон үй-бүлөөлөр малынын башын көбөйтүп, сүтүн сатып оокат кылышса, жашылдандыруу боюнча айыл тургундары жакшы иштерди алып барып, түрдүү бактарды, көчөттөрдү тигип жатышат.
Таштандыны ташып чыгуу жана утилдештирүү багытында 3 айылда тең полигондор уюштурулуп, Тосор, Тамгадагы полигондорду мыйзамдаштыруу боюнча трансформациялоо иштери 80%га аяктап калды. Ал эми Барскоон айылынын таштанды төгүүчү жайы айылга жакын жайгашкандыктан, аны алысыраак жер таап, ошол жакка көчүрүү боюнча иш алып баруудабыз.
Маданият тармагы боюнча айылдагы маданият үйүнүн баары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кызмат көрсөтүүдө. Көркөм чыгармачылык боюнча ар бир айылда “Шайыр апалар” тобу болсо, Тосор айылында “Шайыр мырзалар” тобу да иш алып барат.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА