Президент Садыр Жапаров КР Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду.
Бул туралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоо 2023-жылдын 8-октябрына, жекшембиге белгиленди.
Министрлер Кабинетине жана тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырмалар берилди.