"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Жети-Өгүздө тургундарды 2 млн сомдон ашык акчага алдап кеткен жаран кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук Ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, «Али» аттуу жаран, андан 29 миӊ сомго абрикос өрүгүн алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Аталган факт боюнча жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү Россия Федерациясынын 40 жаштагы жараны М.М. экендиги аныкталган. Милиция кызматкерлерине түшкөн ыкчам маалымат боюнча, шектүү Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы белгилүү болгон. Ал «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү катары кармалган жарандын мындан сырткары дагы 60 учурга тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан териштирүү амалдары жүргүзүлүп, шектүү Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.