"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Жети-Өгүздө өрүк жыйноо башталды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сортторун жыйноо иштери башталды. Жаңы түшүмдүн негизги бөлүгү Россия жана Казакстанга экспорттолууда. Алармандар жүк ташуучу унаалары менен түз келип, жергиликтүү дыйкандардан түшүмдү 30 сомдон 45 сомго чейинки баада сатып алышууда.

Ак-Терек айылынын тургундары түшүм мол болгонун жана алармандар жетиштүү экенин белгилешүүдө. Дыйкандардын айтымында, жакынкы күндөрү “Королев” деп аталган ширелүү сорттун бышып жетилери күтүлүүдө.