Жети-Өгүз районунда той күнү автоээнбаштык жасагандарга 50 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Социалдык тармактарда тараган видеодо Toyota Camry жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар жол эрежесин катуу бузушкан. Анын негизинде Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларды таап, текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүдө айдоочулардын бири мас абалда экени жана унаалардын биринде жасалма номер белгиси орнотулганы аныкталды.
Натыйжада унаалар айып короого токтотулду.

