Түштүк Кореяда Муан эл аралык аэропортундагы Boeing 737-800 учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу жети күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды. Белгилей кетсек, 29-декабрда Боинг 737-800 учагы Түштүк Кореянын Муан эл аралык аэропортунда конуп жатканда кырсыкка кабылган. Учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон.
Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары болгон.
Комментарий калтыруу