"Эркин-Тоо"

Жетим балдардын баарына депозит ачылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Келечекке салым» депозитинин жобосу бекитилгенин ага ылайык  2 853 жетим балага депозит ачыла турганын билдирди.  Бул өлкөдөгү  жетиv балдардын дээрлик баарына кам көрүлөт дегенди билдирет.

Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.

«18 жашка чыкканда депозитте 500 миң сомдон кем эмес каражат топтолот. Аны билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшаса болот», — деп айтылат маалыматта.

Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу кабарланары белгиленди..

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!