"Эркин-Тоо"
Пресс

ЖЕТИМИШКЕ ТАЯГАН КАНАТБЕК АБДРАХМАТОВ ЭЭРГЕ ОТУРДУ

Буга дейре Сейсмология институтун жетектеп келген 69 жаштагы Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланды. Албетте, куттуктайбыз! Куттуу жайдын жетекчисин шайлоо 28-ноябрда өтүп, ага баш бакан Акылбек Жапаров өзү барды. Кызыгы, Абдрахматов аталган кызматка жалгыз талапкер болгон. Илимдеги башка академик, илимпоз, кандидаттарга не болгон, ыя? 15-ноябрдан бери каарманыбыз Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарып жаткан. 2017-жылдан ушул мезгилге чейин мекемени Мурат Жуматаев жетектеп келген.