"Эркин-Тоо"

Жездең болом, мен бирөөнү машина менен койдуруп кеттим, тезинен 120 миң сом акча котор…

Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочусу 50 жаштагы А.А. 15 жаштагы уулунун уюлдук телефонуна белгисиз жаран чалып, “Жездең болом, мен бирөөнү машина менен койдуруп кеттим, мага тезинен 120 миң сом акча котор” деп чалгангандыктан, ага өзү жашаган айылдагы терминалдан 50 миң сом акча которуп, ал эми калган 70 миң сомду Баткен шаарындагы терминалдан которгондугун билдирип, кийин алданып калганын билгенден кийин, 2023-жылдын 9-март күнү милицияга кайрылган.

Ушул эле жылдын 5-март күнү Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын тургуну 37 жаштагы С.З. телефонуна белгисиз жаран чалып, “Уулуңуз бирөөнү машина менен сүзүп салды, биз келишип алдык, ошондуктан тезинен 50 миң сом которуңуз” деп айткандыктан, ага терминал аркылуу акчаны которуп, кийин сураштырса алданып калгандыгын билип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул фактылар Баткен жана Лейлек РИИБдүн КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2023-жылдын 17-март күнү Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылынын тургуну, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 20 жаштагы С.Р. экендиги аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!