23-июндан тарта Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштери бир нече этап менен ишке ашат. Ага ылайык аталган көчө, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түштүк тарабы жабылат.
Белгилей кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.