"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жибек жолуна жаңы көпүрө курулууда

Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда батыш тарабындагы тирөөчтөрдүн курулушу толугу менен аяктап, чыгыш тарабында бетон куюу жана монтаждоо иштери уланууда.

Көпүрөнүн узундугу 25, туурасы 34,3 метрди түзөт. Жол 6 тилкелүү болот. Анын эки жагына туурасы 3 метрден болгон жөө жүргүнчүлөр өтө турган тротуар курулат.