Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын туусундагы күн нурунун формасын өзгөртүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалымкат-негиздемеде «Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат» ,- деп айтылат.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов демилгелеген.