"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Динара АШИМОВА: “Кайсыл жетекчи ишин тарта албаса, анын жеке жоопкерчилигин караш керек”

Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара АШИМОВА

Биз эл өкүлү менен учур кырдаалынан кеп козгодук. Каарманым азын-оолак суроолорума айрым эл өкүлдөрү сымал баш тартпастан сыпайы жооп узатты. Эл көзүнө анчейин чыга бербеген айымдын кебин эмесе төмөндө бирге тыңдаңыздар.

— Динара айым, парламентте Министрлер Кабинетин отставкага кетирүү сунушу четке кагылды. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын бул сунушу орундуу беле?

— Министрлер Кабинетин отставкага кетирүү сунушун мен колдогон жокмун. Өзүңөр деле ойлосоңор, ар бир өкмөттү алмаштырган сайын ар тармактын жетекчилери кайрадан ишке аралашып, көнүшкүчө канча убакыт өтүп жатат? Башталган иштер токтоп, кайрадан башка иштер башталып, ишке эле кедергиси тийет. Ортодон эл да кыйналып жатат дегендей… Андыктан, Министрлер Кабинетинин башчысы менен тиешелүү жетекчилерге конкреттүү милдеттерди коюп, мөөнөт берип, ошону аткарбаса гана жоопкерчилигин караш керек. Макул, бүгүн отставкага кетирсек, эртең деле ушул көндүм иш башталат да. Туурабы? Мунун арты менен экономика артка гана кетет. Дароо эле толук курамды отставкага кетирүүнү ойлобостон, кайсыл жетекчи ишин тарта албаса, ошонун гана жоопкерчилигин караш керек.

— Бүгүн мамлекеттик кызматтарда, билим берүү системасында, өзгөчө айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жараянынын негизинде бир катар пенсия курагындагы күчтүү адистерди сыртка чыгарып коюшууда. Биз “атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал” деген кыргыздын макалын эске албай, тажрыйбалуу, күчтүү кадрларды кодулай берип, ишти артка тартпайбызбы?

— Күчтүү, тажрыйбалуу кадрларды сөзсүз түрдө иштетишибиз керек. Жакында социалдык фонддун өкүлдөрү парламентке “иштеген пенсионерлердин базалык бөлүгүнүн пенсиясын төлөбөйбүз” деген мыйзам долбоорун алып келишти. Биз алардын сунушун кабыл албай, дароо четке кактык! Эгерде алардын сунушун кабыл ала турган болсок, анда айла жоктон пенсионерлерибиз анча-мынча алган пенсиясын алып, иштебестен отуруп калышмак. Негизи кадрдык саясатта пенсиялык куракты деле карабаш керек. Эгерде адам тажрыйбасы бийик, жакшы иштеп жатса, эмнеге андай кадрларды кодулап, иштетпешибиз керек?

— Министрлер Кабинетинин курамын, иш-ыргагын сындоо оор. Учурдагы Министрлер Кабинетинин курамына иштөөгө сунуш түшсө барат белеңиз?

— Жок, Министрлер Кабинетинин курамына иштөөгө сунуш түшсө барбайт элем. Себеби, парламенттеги ишмердүүлүгүмдө чоң долбоорлорум бар. Биз эң оболу мыйзамдык базабызды оңдоптүзөп, элге иштей тургандай мыйзамдарды чыгарсак, ошондо экономикабызга, идеологиябызга дагы чоң көмөк болмок. Мен юрист катары Жогорку Кеңешке керекмин! Ушул жерден мен элге убагында кандай убадаларды берсем, ошолорду аткарышым керек. Мен парламентке зордук-зомбулукка, эң чоң көйгөйгө айланган экология маселесине каршы күрөшөм деп келгем. Учурда экология кодексин жазып жатам. Мамлекетке, элге менин Жогорку Кеңеште отурганым көбүрөөк пайда алып келет.

— Учурда бир катар мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга, ошол эле мектеп мүдүрүнө чейин сынак аркылуу дайындалышууда. Бул практика өзүн канчалык деңгээлде актап жатат деп ойлойсуз?

— Негизи кандай гана иш болбосун биз сынак аркылуу алганга үйрөнүшүбүз керек. Бул эми дүйнөлүк практика да. Бир нече кадрдык сынактарга активдүү катышуу менен мамлекеттик кызматтарга дайындалса, атаандаштык аркылуу келгендердин иши да жаман болбойт эле деп ойлойм. Ошол эле маалда сынактарды да ачык, таза өткөрүшүбүз зарыл. Мамлекеттик кызматтарга сынак жолу менен кабыл алган практика өтө туура деп айта алам. Экинчи маселе, ошол сынактар канчалык таза жана адилеттүү өтүп жатат? Биз таза өткөрүү механизмдерин дагы да ойлоп табышыбыз керек. Сынактан өткөн кадрлардын ишинин натыйжалуулугу ачык билинет. Биз эми азырынча андай же мындай деп жыйынтык чыгара албайбыз. Ошол эле мектеп мүдүрлөрү жаңыдан сынактан өтүп, иштеп жатышат. Ошол кадрлар мектептерди бардык жагынан алдыңкы саптарга көтөрүп, жакшы деңгээлге чыгара турган болушса, анда бул практиканы системалуу түрдө жүргүзүшүбүз керек.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!