"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Эрулан Көкүлов: «Кыргыз тилин элден ашыкча сүйүшүм мүмкүн, бирок кем сүйбөйм»

-Кечээги менин парламентте сүйлөгөн сөзүмдү айрым журналисттер “Эрулан Көкүлов кыргыз тилине каршы чыгып жатат” деп теңирден тескери жазып жиберишиптир. Мен кыргыздын белгилүү акынынын уулу болсом, канымда кыргыздын каны айланып турса  кантип анан кыргыз тилине каршы чыкмак элем. Кыргыз тилин элден ашыкча сүйүшүм мүмкүн, бирок кем сүйбөйм. Мен кечээки мыйзам долбоорун популисттик мыйзам долбоору деп айттым. Эмне үчүн антип айттым? Кыргыз тили боюнча буга чейин мыйзамдар жазылып эле келген. Кыргыз тили боюнча тесттер бар. Мисалы, ар бир мамлекеттик кызматка кирип жаткан киши кыргыз тили боюнча тесттен өтөт. Бизде  кайрылуу, кат болобу баары кыргыз тилинде жазылыш керек деген мыйзам бар. Ошол мыйзамда бар нерсенин үстүнө дагы Конституциялык мыйзам деп жазгандын өзү артыкбаш нерсе деп эсептейм. Бул мындайча айтканда “буга чейинки жазган мыйзамдарыбыз иштебей жатат. Дагы чоңураак мыйзам кылып Конституциялык мыйзамга киргизели” деген кеп. Мен Конституциялык мыйзам кылып киргизгенге каршы эмесмин, бирок, ошол эле учурда эмне үчүн биз сиз экөөбүз кыргыз баласы, кыргыз тилинде сүйлөш үчүн аны мыйзам кылып жазып, ага бюджеттен акча коротушубуз керек. Аны эч кандай мыйзамы жок эле  сүйлөп, кыргыз тилин колдоно бербейлиби. Айтайын деген оюмду түшүнбөгөн айрым бирөөлөр мени манкурт деп социалдык түйүндөрдө жазып чыгышты. Айрым журналисттер мени жаманатты кылыш үчүн эле атайын контексттен жулуп алып “Көкүлов кыргыз тили боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатат” деп менин оюмду бурмалап жазышты. Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөп, жашоо бул менин атуулдук милдетим. Аны Конституциялык мыйзамга киргизеби, же жөн эле  мыйзамга жазып коебу, ал менин сөзсүз аткара турган вазийпам. Ага акча коротпой эле өзүнөн-өзү аткарыла турган нерсе. Биз балдарыбызга мыйзамда жазылган үчүн эле кыргызча сүйлө деп айтабызбы. Жок, кыргыз болуп жаралганың үчүн, каның, жаның кыргыз болгондугу үчүн кыргызча сүйлөшүң керек. Мен ушул ойду айтайын дегемин.

Өмүрбек Тиллебаев

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!