"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Марат МУРАТАЛИЕВ: “Парламентте көп көйгөйлөрдү көтөрүп жатабыз”

Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын депутаты Марат МУРАТАЛИЕВ

Эл өкүлү Марат мырза маектешүүгө сараңдык кылбаган аткаминерлердин сап башында турат. Кезегинде Талас облусун башкарып турганда ар квартал сайын кандай багыттагы соболдорум болбосун шар жооп берген жүрүшү бар болчу. Бул сапар да эл өкүлүнүн ишмердүүлүгү, кичи мекениндеги айрым маселелердин тегерегинде баарлаштык.

— Марат мырза, жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө даярдыкты кандай боолголоп жатасыз? Жер семирткич менен үрөн маселесин мамлекет чече алдыбы?

— Биз жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу парламентте тээ кыш-күрөөдөгү январь айынан бери айтып, талкуулап келебиз. Өлкө аймагындагы иштин жүрүшү, үрөн, күйүүчү май, техника, ошол эле силер козгогон жер семирткичтер боюнча бүт облустар камсыз болгондугун министр өзү маалыматында айткан. Кудай буюруп быйыл кышта кар жакшы түшүп берди. Күн жылыганда суу маселеси ойдогудай болсо дыйкандарыбыздын мээнети акталат деген үмүт бар. Калганы дыйкандарыбыздын өзүнүн аракетинен көз каранды эмеспи. Жер иштетүүдө бир күн бир жылга тете болоорун биздин дыйкандарыбыз деле жакшы түшүнүп калышты.

— Кичи мекениңиз Таласта төө буурчактын баасы кандай болууда? Дегеле аймактагы кайсыл көйгөйлөр сизди тынчсыздандырып жатат?

— Биздин Таласта төө буурчак жылына 110 миң тоннага чейин өндүрүлөт. Мунун баары экспортко кетет. Ал эми анын баасынын өйдө-ылдыйы дүйнөлүк базар шартына, андагы сурооталапка жараша болот. Анткени, биздин 110 миң тонна көлөмдөгү төө буурчагыбыз дүйнөлүк базар шартында аябай аз болуп калат экен. 40тан ашык мамлекетке экспорт болот. Ал өлкөлөр менен баа саясатын өкмөтүбүз сүйлөшүп чечиши керек. Мен Талас облусунун жетекчиси болуп иштегем. Маселенин күңгөй-тескейинен кабарым бар. Биз бул жагынан сыртта карап турбастан өзүбүздүн сунуш, пикирлерибизди парламенттин трибунасынан айтып, көйгөйлөр болсо көтөрүп жатабыз. Төө буурчактын баасы жогору болсо элге жакшы.

— Парламент депутаттары Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы “жыга чаптыңар” го? Бул аракетиңер канчалык деңгээлде орундуу болду деп ойлойсуз?

— Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселени “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы көтөрүп чыкты. Анын ишине “канааттандыраарлык эмес” деген бааны парламенттин тиешелүү комитети берди. Ал жерде көп маселелерге байланыштуу суроолор бар экен. Биз бул жагын эске алып колдоп бердик.

— Нарын облусунда айыл өкмөттөрдү ирилештирүү саясатынын артында жайыт, жер жана башка маселелерден түшүнбөстүктөр жаралууда. Мындай ирилештирүү саясаты өлкөбүздүн башка аймактарында жайылса, нааразычылыктар болбойбу?

— Жайыт маселесине байланыштуу иштер айыл өкмөттөрдү ирилештирүүгө чейин эле жер-жерлерде бар болчу. Негизи ирилештирүү туура саясат. Азыр бул иштер эксперименталдуу түрдө пилоттук программанын алкагында тоолуу Нарын облусунда жүрүп жатат. Ал эми жайыт маселесин ушул күндөрү парламентте көтөрүп, Министрлер Кабинетине айтып жатабыз. Бул көйгөйлүү иштер өз ордуна акырындап келет.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№37 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 5-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!