"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиев: “Атыр Абдырахматованын үстүнөн үч жолу арыз келип түштү”

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова  парламентте бир жыл ичинде жасаган иштери боюнча баяндама жасады. Бирок, анын баяндамасы депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок. 

-Мейкинбек Акимович, эмне үчүн депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдырахматованын баяндамасын кабыл алган жок? Сиздин пикириңиз кандай?

-Акыйкатчы Атыр Абдырахматованын иштегенине бир жыл  болду. Бир жыл башта көпчүлүк депутаттар аны колдоп, ишеним көрсөткөн болчубуз. Аны такыр эле иштеген жок десем туура эмес болот. Мындан да жакшыраак, жемиштүүрөөк иштесе болмок. Акыйкатчынын баяндамасы алгач комитеттерде каралат. Бир жылдын ичинде Атыр Абдырахматованын үстүнөн үч жолу арыз келип түштү.

-Арыз кимдерден келди?

-Арыз башка жактан эмес, дал ошол Акыйкатчы институтунан келди. Акыйкатчылар өздөрү биздин укугубузду коргоп бергиле деп кайрылып жаткандыгы пародокс. Бирок, аны тийиштүү органдар текшерип чыгыш керек. Биринде, коллективдеги он адам кайрылса, экинчи жолкусунда андан көбүрөөк адам кайрылды. Алардын арасында Атыр Абдырахматова иштен кетирген, же кетирем деген адамдар бар экен. Мен эмне үчүн кечээки жыйында анын баяндамасын  колдободум? Себеби, конкреттүү бир маселе боюнча суроо берсең, ар нерсенин башын бир айтып, чаргытып, сайдын аркы өйүзүнө өтүп кетет. Мен Атыр Абдырахматовага “Ноокен району боюнча канча адам Акыйкатчыга кайрылган, алардын суроосу  силер тараптан кандай чечилди?-деп сурадым. Акыйкатчы мага  “жарандар бизге кайрылышкан. Ал турсун жерине барып, элди кабыл алып, маселени чечтим” деди. Мен депутат болгондон кийин шайлоочулар менен ар дайым байланышып турабыз. Бирок,  айылдын тургундары “ бизге Акыйкатчы келген жок, биз аны көргөн жокпуз” деп жооп беришти. Кийин уктум, Атыр Абдырахматова Ноокат району менен Ноокен районун чаташтырып алыптыр. Көрсө, ал Ноокенге эмес, Ноокатка барган экен. Биздин Акыйкатчы Ноокен менен Ноокаттын айырмасын билбесе,  кантип иштеп жүрөт?  Акыйкатчы деген чоң, жооптуу кызмат. Иши чындыгында эле оор. Биздин мамлекет үчүн өтө керектүү кызмат.

-Дагы жети күндөн кийин бул маселеге кайрылат экенсиздер? Чечим кандай болот?

-Менимче, жети күндүн ичинде Акыйкатчыга болгон мамиле өзгөрбөйт. Себеби, көптөгөн депутаттар анын баяндамасын кабыл алган жок. Бул ишеним көрсөтпөө  иши аягына чейин эле ушул боюнча калат деп ойлойм.

                                                                                                              Өмүрбек Тиллебаев

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!