"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Мейкинбек Абдалиев: «ИЧТЕН ЧЫККАН “ИЙРИ ЖЫЛАНДАР” БАР»

-Менин оюмча бул өтө керектүү мыйзам. Анткени, бул Конституциялык мыйзам болуп жатат. Эгерде биз өзүбүз, кыргыздар, кыргыз тилин баалай албасак, башка чет жактан бирөө келип биздин тилибизди баалап, же өнүктүрүп бербейт. Кайсы мамлекет болбосун тил эң биринчи орунда турат. Анткени, тигил же мамлекеттин мамлекет экендигин аныктап турган эң башкы атрибут тил болуп саналат. Биз чындыгында тилибизге анчейин астейдил көңүл бурбай келе жатабыз. Өз алдыбызча эгемендүү мамлекет болгондон кийин улут катары, мамлекет катары кыргыз тилибизди баалап, турмуштун бардык чөйрөсүндө колдонуп эле тим болбой, аны жаңы сөздөр, терминдер менен толуктап, байытып турушубуз керек. Аларды да маанисине, тыбыштык айтылышына жараша тил корубузга кошуп алсак эч качан ашыкча  болбойт. Мисалы, Түркиянын Президенти Тайип Эрдоган расмий сапар менен кайсы чет өлкөгө барса да жалаң түрк тилинде сүйлөйт. Өзүнүн өлкөсүндө деле, Бирикке Улуттар Уюмунда деле түркчө сүйлөйт. Биздин президентибиз Садыр Нургожоевич дагы чет өлкөлөргө сапарга барган кезинде, ар кандай чоң жыйындарда кыргыз тилинде сүйлөп жатат. Бул биринчиден биздин кыргыз экендигибиздин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн белгиси. Быйыл депутаттардын делегациясы Казакстандын Түркстан деген шаарына бардык. Ошол  жыйында биздин Төрага да кыргыз тилинде баяндама жасады. Бул ушунчалык жагымдуу жана сыймыктуу учурайт экен. Ал жерде Орто Азия мамлекеттеринин, беш өлкөнүн биринчи форуму болуп өттү. Тилди урматтоону, барктоону, сүйлөөнү биз жогору жактан башташыбыз керек. Биздин бийлик башында турган адамдар, биз, парламент, Министрлер Кабинети бардык иштерин кыргыз тилине өткөрүп, чоң, кичине жыйындардын баарын кыргыз тилинде өтөкөрүш керек. Мен мурдагы алтынчы чакырылыштын да депутаты элем. Азыр да депутатмын. Кыргыз тили, айрым бир учурларды эске албаганда толук бойдон эле пайдаланылып, сүйлөнүп жатат. Мурдагы жылдарга салыштырганда өтө жакшы көрүнүш, жылыш бар десем болот. Дале болсо өзүбүздүн ичибизден чыккан кээ бир тил билбеген “ийри жыландарды” кызматка дайындаарда анын эне тилин билерине астейдил көңүл буруп, көзөмөлдөп турушубуз керек. Башка улуттун өкүлдөрү, мисалы биздин бир дунган коллегабыз, айрым кыргыздарга караганда кыргыз тилин таптак сүйлөйт. Кыргызча макал-лакаптарды айтат. Биз аны “азамат” деп  мактап сүрөп турабыз.

Өмүрбек Тиллебаев

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!