"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков: «БИЗДЕ ТАМГАЛАР ЖЕТИШПЕЙТ»

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков

-Бизде биринчи алфавитти реформалаш керек. Мисалы, казактарда 42 тамга бар. Аларда к тамгасы өзүнчө, ошол эле к тамгасына сызыкча коюлуп дагы бир тамга жазылат. Г тамгасы да ошондой жазылат. Анан а эмес, жумшак а тамгасы бар. Бул тамга бизден башка бардык түрк элдеринде бар. Бизде андай тамгалар жок. Башка элдер кыргыз тилин үйрөнүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Мисалы, “катуу” деген сөздү башка улуттун өкүлдөрү башкача айтышат. Мисалы, улуу жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романында дилектикалык сөздөрдү колдонгон. Ал Нүзүп кал деп жазган. А окуган киши аны каткалаң к менен кал деп окуйт. Бул сөздүн таз деген синоними бар. Ошол үчүн “кал” дегенин деле, “таз” дегенин деле пайдалана беришибиз керек. Республиканын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында  жашаган  миллиондогон кыргыздар жумшак  “а” тамгасы менен сүйлөшөт. Кыргыздын эле нукура сөздөрү ушул тамгалар болбогондугу үчүн өзбектерге,  казактарга өтүп кетип жатат. Мисалы, башка улуттун өкүлдөрү, орустар кыргыз тилин үйрөнүү аябагандай кыйын деп айтышат. А казак, өзбек, татар  тилдерин  бат  эле үйрөнүп алышат. Анткени, бизде тамгалар жетишпейт.

Өмүрбек Тиллебаев

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!