"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Тазабек ИКРАМОВ: “Жемкорлорго катаал жаза берүү керек”

Парламентке спорт чөйрөсүнөн келген “манты кулак” Тазабек мырза учурда кадыресе саясатчыга айланып бара жатат. Ток этери тажрыйба күтүп, такшалуу жолуна түшкөн эл өкүлү менен биз айрым маселелердин айланасында кеп козгодук.

— Тазабек мырза, парламентте Курултай тууралуу мыйзам долбоору талаш-тартыш менен коштолууда. Ушул жагы бизге керек беле?..

— Курултай дегенибиз эле парламент да. Жогорку Кеңешке депутаттар жер-жерлерден шайланып келишти. Ошолор бийликтин бутактарына карапайым калктын көйгөйлөрүн айтып, парламенттин трибунасы аркылуу жеткирип турушат. Курултайды деле көрдүк го? Баш мыйзамга Курултай жазылып калыптыр, ошондуктан мен дагы бул боюнча “курултайчылар жылына бир ирет Президент менен жолугуп, андагы жолугушууда өлкө башчысына орчундуу ойлорду айтып, ошону менен гана чектелишсин” деген сунушумду бердим.

— Эл өкүлү катары чет өлкөгө иш сапар менен жөнөп жатыпсыз. Кайталанма иш сапарлар каржылык каатчылык учурунда мамлекет үчүн канчалык деңгээлде зарыл деп ойлойсуз?

— Эл өкүлдөрүнүн чет өлкөлөргө иш сапарлары менен чыгышы парламенттер аралык ортодогу келишимдердин алкагында болот. Биз эми чет өлкөлөргө иш сапар менен жөндөн-жөн эле же эс алыш үчүн барып жаткан жерибиз жок. Бардык чет өлкөлүк иш сапарлар мыйзам чегинде эл аралык жана достук кызматташуунун чегинде жүргүзүлөт.

— Айрым кесиптештериңиз аракеттеги Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунушташууда. Идея канчалык деңгээлде орундуу деп ойлойсуз? Же сиз да Баш мыйзамдын өзгөрүүсүн колдойсузбу?

— Баш мыйзамыбыздын көптөгөн жерлеринде жетишсиз, оңдолуп, толуктала турчу “чийки” жерлери бар. Сөзсүз түрдө айрым кемчиликтерине толуктоолорду киргизсе болот. Маселен, мен Баш мыйзамыбызга “жемкорлор мамлекеттик жумушка келбесин, өздөрү гана эмес, алардын балдары мамлекеттик жумушка, ушул эле Жогорку Кеңешке келишпесин” деген толуктоону кошуп койсок деген демилге менен чыгат элем. Ушул өңдүү өлкөбүзгө, мамлекетибизге, биздин келечек муундарыбызга зыян келтире турган адамдарды Баш мыйзам аркылуу катаал жазаларды киргизип, жазаласак абдан жакшы болмок.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!