"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Улугбек ОРМОНОВ: “Айыл өкмөттөрдү ротациялоо маселесин караш керек”

— Электр энергиясы 1-майдан тарта 23 тыйынга көтөрүлгөнү маалым болду. Эл өкүлү катары бийликтин мындай кадамына шайлоочуларыңыздын маанайы кандай болууда?..

— Электр энергиясынын баа тарифине карата азырынча шайлоочуларыбыздан кандайдыр бир доомат же нааразычылыктар келе элек. Бир айдан соң электр энергиясынын эсеп-кысабы колдоруна келе баштаган соң билинет да. Эгерде биз электр тармагын өнүктүрөбүз, тармакты саздан сууруп чыгып, оңолуу жолуна салабыз десек, анда тарифтерди көтөрүү керектүү, келечектүү кадамдардын бири болот. Бул жагын жымсалдабай, ачык айтышыбыз керек да, туурабы? Бул маселени акылман элибиз деле туура түшүнүү менен кабыл алышат.

— Кичи мекениңиз Ош, Өзгөндөгү жергиликтүү жетекчилер боюнча кадрдык жүрүштөр сизди канааттандырып жатабы?

— Кадр тандоо өтө оор маселелердин бири. Президентибиз Садыр Нургожоевич жергиликтүү, райондук жетекчилерди ротациялоо саясаты менен ишке коюп баштаган иштери өзүнүн жемишин берип жатат десек болот. Бирок, бир жагдайды ачык айтайынчы, айыл өкмөттөргө чейин ротациялоо маселесин дагы кайра карап, терең анализ кылып, бир чечимге келүү керек. Ал эми облустук, райондук жетекчилер, жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү башка райондордон келип иштешкендери эң туура. Бул жагынан жаман жагдайларга күбө болгон жокпуз.

— Айыл чарба жаатына бөлүнгөн каражат менен насыялардын көлөмүнө, иштин жыйынтыгына эл өкүлү катары ичиңиз чыгабы?

— Аныгында, айыл чарба жаатыбызга бөлүнгөн насыялардын азыркыдай көлөмү аздык кылат. Өлкөбүздүн Айыл чарба министрлиги болушунча бул иштерди колго алып, ушул күндөрү банктар аркылуу биздин дыйкан-фермерлерди арзан насыя менен алыбыздын жетишинче камсыздап жатышат. Бара-бара айыл чарба жаатыбызга карала турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүш керек. Бүгүнкүдөй жүрүш менен айыл чарбаны тыңгылыктуу көтөрө албайбыз. Бирок, чама-чаркыбыз ушуга чак келип жатат да. Буюрса, келечекте бул жагдайдагы маселелер чечилет деп тилек кыла туралы.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№37 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 5-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!