Өткөн аптада шайлоо учурунда үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Маселени эл өкүлү Замирбек Мамасадыков демилгеледи. Азыркы мыйзам боюнча президенттикке талапкер жана анын саясий партиясында 10 миңге чейин, ал эми бир мандаттуу округдардан ат салышкан талапкерлер беш жүзгө чейин үгүтчү жалдай алат. Мамасадыков саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн санын 5 миңге азайтып, бир мандаттуу округдан чыккан талапкер жүзгө чейин гана үгүтчү алганы туура деп эсептейт. Бул маселе тууралуу эл өкүлүнүн өзү менен маектештик.
— Замирбек мырза, өткөн аптада шайлоо маалында аламан жарышка аттанган талапкерлер менен саясий партиялар үчүн үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча демилге көтөрүп чыктыңыз. Мындай маселени демилгелеп чыгууңузга эмне түрткү болду?
— Биздин өлкө абдан билимдүү, амбициясы жогору, тажрыйбалуу инсандардан куру эмес. Жаңы замандын түшүн жооруп, жаңы технологияларды өздөштүргөн көпчүлүк улан-кыздарыбыз парламентке депутат болгусу келгени менен каражат маселеси алардын жолун тосуп, кендирин кесип келет. Соңку 20 жылда “парламентке акчасы бар, өңчөй байлар гана депутат болуп келе алат” деген түшүнүк биздин коомчулуктун мээсине кыттай уюп, кумдай сиңип калгандыгын кайда катат элек? Ошондуктан, биз талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Элестеткилечи, аламан жарыш учурунда бир талапкер үчүн 500 үгүтчү жүргөнүн… Бул жөн гана шайлоочулардын бардыгын мыйзамдуу, “маданияттуу” жол менен акчага сатып алып, депутат болдум дегенди туюнтат да, туурабы? 500 үгүтчүгө канча миллиондогон каражат кетет? Андыктан, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк болсун деген максатта ушул мыйзам долбоорун демилгелеп чыктым. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Буюрса колдоо табат деп ишенем!
— Ушул күндөрү парламентте келээрки жылдын бюджети талкууланып жаткан чагы. Министрлер Кабинетинин долбоору сиздин купулуңузга толуп жатабы?
— Ооба, парламенттен буга чейин 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышын карап, жактырдык. Ал эми келээрки 2024-жылдын бюджетин карап, долбоор биринчи окууда колдоо таап, өттү. Мындан тышкары 2025-2026-жылдарга карата бюджеттин болжолдуу долбоорун карап жатабыз. Ачык айтканда, өкмөт сунуштаган казынабыздын долбоору абдан жакшы! Биздин купулубузга толду. Аныгында сүйлөп коюш оңой, а маселени иш жүзүндө жүзөгө ашырып, аткарыш кыйын. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өлкөбүздө ушунчалык изги иштер жүрүп жатат. Туура, анча-мынча кемчиликтер да болууда. А жалпысынан абалыбыз жаман эмес, мамлекеттик казынабыз толуп, толмок тургай көлөмү өсүп, профицит, триллион деген кулакка жагымдуу терминдер менен баарыбызды сүйүнтүп жаткан кез. Ушунун баары өлкө жетекчилеринин тынбаган үзүрлүү аракеттеринен деп ойлойм. Кудайга шүгүр келтиргенди, өлкөбүздө изги иштер болуп жаткандыгына жакшы көз караш менен абай салып, айтканды да үйрөнөлүчү! Бала бакча, мектеп, оорукана, ички жолдор буга чейин болуп көрбөгөндөй салынып жатат.
— Мамлекеттик казына каралып жаткан чакта эл өкүлдөрүнүн арасында ар ким өзү чыккан аймактын көйгөйлөрүн бюджетке киргизип калууга аракеттенишет. Мындай шартта депутат чыкпаган аймактардагы бюджеттин колдоосу менен чечилчү маселелер көз жаздымда калган фактылар бар эмеспи…
— Эл өкүлдөрү чыккан район же кичи мекениндеги көйгөйлүү маселелер чечилген учурлар көп. Жеке өзүм көп жыл айыл өкмөт болуп иштедим, кайсы аймактан чиновник же эл өкүлү чыкпай калса ошол аймак көз жаздымда калып, көйгөйлөр баштан ашып, өнүкпөй кала турганын иш жүзүндө башымдан өткөн. Жергиликтүү өз алдынча башкарууда көп жыл иштеген жетекчи катары учурда өзүбүз иштеп кеткен аймактардагы маселелерди чечкенге эл өкүлү катары аракет кылып, салым кошуп жатабыз. Мындан сырткары, башка аймактарды көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Маселен, биздин “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков баш болгон депутаттар менен биргеликте өлкөбүздүн бардык аймактарын кыдырып, эл менен жолугушуп, маселелерди чечкенге бар аракетибизди кылып жаткан чагыбыз. Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош облустарын жакынкы убакта эле кыдырып келдик. Бардык аймактарда көйгөйлөр негизинен бирдей. Алакан жайып бир аймактын гана көйгөйү менен алпурушуп отурган жерибиз жок.
— Соңку жылдары айыл өкмөттөн тарта аким жана орун басарлары, шаар мэрлери менен орун басарлары мамлекеттик кадр кызматы аркылуу сынактын негизинде кызматтарга тартылышууда. Мындай кадрдык саясат канчалык деңгээлде өзүн актап жатат деп ойлойсуз?
— Ооба, соңку убакта айыл өкмөт башчысынан тартып акимдин орун басары, аким, шаар мэрлери менен орун басарлары сынак аркылуу өтүп, резервге туруп, андан соң жетекчилик кызматтарга тартылышууда. Түпкүлүгүндө мунун өзү туура саясат. Мамлекеттик башкарууга кадрлар бардык тепкичтерди этап-этабы менен басып, өтүп келишсе иштин жыйынтыгы үчүн да жакшы натыйжа бермек. Тажрыйба деген оңой эмес. Анан калса кесипкөй кадрлар бир күндө жарала калбайт. Буга чейин сынаксыз эле жетекчилерди тааныш-билиш, тууган-урук, куда-сөөк, ака-үка деп тандап жүрүп, таз кейипке түшкөнүбүз жалган беле? Кадрды тандоодо жаңылбаш керек. И.Сталиндин “кадрлар бардыгын чечет” деген таамай кеби күнү бүгүн да актуалдуу. Буга чейин асмандан түшө калгандай кадрларды көрдүк. Мындан ары жаңылганыбыз жарабайт. Мамлекеттик башкарууну “эксперимент” кылбашыбыз кажет.
— Ошол резервге тургандар арасында жылдап ордунан жылбай тургандар да бар экен…
— Андай көрүнүштөр да болууда. Бул жагы туура эмес. Ошондуктан, резервге коюлган кадрларды алдыга жылдырып, мамлекеттик башкарууга тартып, иш беришибиз керек. Резервде көптөн бери туруп калган кадрлардын маселесин да кароого мезгил жетти. Бул жагын сөзсүз эске алабыз.
— Өлкөбүздөгү ИДПнын көлөмү келээрки жылга карай 1 триллион сомдон ашаары боюнча маалыматка оюңуз кандай? Инфляция күч алган азыркыдай шартта экономикада мындай көрсөткүч канчалык деңгээлде реалдуу деп ойлойсуз?
— Мындай маалыматты парламентте бюджеттин долбоору каралып жатканда уктук. Кийинки жылы триллиондон ашарын Министрлер Кабинетинин жетекчиси өзү айтты. Анын аргумент менен коштолгон бул тууралуу кеби мени гана эмес, парламенттеги бүтүндөй эл өкүлдөрүн ынандырды окшойт. Мунун өзү өлкөбүздө болуп жаткан реформанын жыйынтыгы деп ойлойм. Өзгөчө жемкорлор, уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон күрөш, салыктын туура жана так жыйналышы, айрыкча, Кумтөрдүн өзүбүздүн экономика үчүн иштегендигинин жыйынтыгынан буга чейин түшүбүзгө да кире элек бюджеттин чоң көлөмдө өсүшүн камсыз болгонун туйдук. Албетте, инфляция да курч мүнөздө болууда. Бирок, инфляцияны карабастан бюджеттин көбөйүшү мамлекетте болуп жаткан иштердин үзүрү деп ойлойм. Кылдан кыйкым издей бербестен мындан ары жакшы ниет кылып туралы.