"Эркин-Тоо"

ЖК комитети Догдургүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерди Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.