"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Жогорку Кеңеш

ЖК төрагасы Индиядагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Индиянын Ахмедабад шаарында жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Индия парламентинин төрагасы Ом Бирлага көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Индиянын Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгынан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Индия элине, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат төраганын телеграммасында.