"Эркин-Тоо"

ЖКККББнын кызмат адамдары жана автомектептин директору кармалды

19-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана автомектептин директору кармалды.

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ЖКККББнын  кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө КР жарандарынан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Учурда УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!