"Эркин-Тоо"

ЖККУ өлкөлөрү курал-жарактарын стандартташтырууга ниеттенип жатат

ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы аскердик техниканы стандартташтыруу боюнча келишимдин долбоорун даярдаганын шаршембиде ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Шаршембиде Москвада комиссиянын 20-жыйыны өтүп, ага ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
«Бул татаал документ, ошондуктан биз анын үстүндө абдан кылдаттык менен иштедик. Бүгүн анын аягына чыгып, кароого сунуштайбыз. Биздин мамлекет башчыларыбыз бекитишет», — деди Семериков.
Ал ЖККУ өлкөлөрү курал-жарактарды жана жабдууларды стандартташтыруу, өндүрүү, оңдоо, модернизациялоо жана эксплуатациялоо боюнча кырдаалды талдап чыкканда, ар кайсы мамлекеттер «негизинен бир типти (стандарттарды) кабыл алышканы, бирок стандарттарда белгилүү бир айырмачылыктар бар» экени билингенин айтты.
ЖККУга алты мамлекет кирет. Алар: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!