"Эркин-Тоо"

ЖКнын Аппаратынын Басма сөз кызматына техникалык жабдуулар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Улуттук демократиялык институт ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, бүгүн, 14-январда Улуттук демократиялык институт тарабынан Жогорку Кеңештин Аппаратынын Басма сөз кызматына техникалык жабдуулар тапшырылды.

Иш чарада тараптар Жогорку Кеңештин иши тууралуу так жана ыкчам маалымат берүү боюнча Басма сөз кызматынын ишмердүүлүгүн арттыруу максатында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилешти. Буга байланыштуу, бир катар долбоорлорго техникалык колдоо көрсөтүү, анын ичинен парламенттин www.kenesh.kg сайтын жана социалдык тармактардагы баракчаларын жакшыртуу багыттында иш алып баруу мерчемделүүдө.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш менен Улуттук демократиялык институттун кызматташтыгы USAIDдин колдоосунун алкагында ишке ашырылууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!