"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ЖМК МЫЙЗАМЫ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТАБЫ?

Бир нече жылдан бери көк-бөрүдөй болуп ары-бери тартылып, кесиптештердин ортосунда талаш-тартышты жаратып келген «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 25-июнда Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алынды. Эми Президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет. Айтылган маалыматтарга караганда ЖМК айдыңындагы бир топ маселелер жөнгө салынып, тартипке келери белгиленип жатат.

Дегенибиз менен Кыргызстан журналисттеринин кесиптик этикалык кодекси мурда эле иштелип чыгып, ал бүгүнкү күнгө чейин кызматын кылып жатат. Анда дагы журналисттердин маалымат булактарын купуя кармоо укугу, диний жана маданий өзгөчөлүктөргө урмат-сый менен мамиле кылуу, жеке турмуштун кол тийгистиги сыяктуу этикалык эрежелери каралган болчу. Бирок, көп журналисттер бул эрежелерди сактаган эмес, ошондуктан адамдардын жеке турмушуна кийлигишип, такталбаган ушак-айың деңгээлиндеги маалыматтарды чыгарып, бирөөлөрдү каралап, жамандаган контент маалымат айдыңында аябай көп болуп кеткен. Аны баарыбыз эле моюндайбыз. Өзгөчө Акаев, Бакиев, Атамбаев бийликте турган учурда бул жагдай аябай күргүштөп күчөгөн эле. Качандыр бир күнү муну токтотушубуз керек болчу, ал аракеттер үч жыл мурун башталган.

Эки жыл бою талаш-талкуулар уланып, бир пикирге келе албай жатканда Мамлекет башчысы Садыр Жапаров аралашкан. Өлкөдөгү 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, кеп-кеңешин айтып, өз оюн ортого салып, конструктивдүү диалог уланышы керектигин билдирген. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер Кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумушчу топ түзүлгөн. Ошолордун баары биргелешип иштеп чыкты. Эми жаңы мыйзам кабыл алынып калса, өлкөдөгү бардык салттуу ЖМКлар эле эмес, каттоодон өткөн тармактык басылмалар дагы этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болушат.

Аталган мыйзам долбоору Конституцияда белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталганы белгиленди. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган күнү буга чейин бир топ талкуулангандыгына байланыштуу болдубу, айтор көп суроо-жооптор болгон жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен парламенттик угуулар өткөрүлгөнү белгиленип, сунуштар киргизилгени жөнүндө маалымат айтылары менен депутат Жанарбек Акаев сөз алып, эки суроо койду.

— Бул мыйзамдын тарыхын сиздер жакшы билесиздер, эки жыл мурун келген. Жарандык коом, медиа платформа Парламентке жана Президентке кайрылган. Алар Президент менен жолуккандан кийин атайын жумушчу топ түзүлүп, бир жарым жылдай иштеди. Биз чогулуп, журналисттерге болгон бир канча тоскоолдуктарды алып, бир мунасага келип, компромисттик жолду тапкан элек. Мисалы, мурда министр, губернаторлордон маек алыш үчүн журналисттер кат жүзүндө кайрылып, анан маектешесиң деген сыяктуу журналисттик ишмердикке тоскоолдук кыла турган беренелер бар эле, аларды алдырганбыз. Албетте, сөз эркиндиги менен жоопкерчилик кошо болуш керек. Ар бир сөздүн жоопкерчилиги болуш керек, ага эч ким каршы эмес. Менде эки суроо бар. Бүгүнкү күндө медия коомчулук “бир топ сунуштарыбыз эске алынбай калды” деп кайрылуу жасап жатат. Алардын тынчсыздануусуна негиз барбы? Экинчиси, Кыргызстанда иштеп жаткан эл аралык медиаларга тоскоолдук болбойбу? – деп кайрылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маселени кылдат түшүндүрүп, “Азаттык”, “Спутник”, “Би-Би-Си” сыяктуу эл аралык ЖМКларга таасирин тийгизбей тургандыгын белгиледи.

— Бул мыйзам долбоору сиз айткандай, Президенттин тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлгөндөн кийин экинчи ирет иштелип чыгып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз журналисттердин бардыгы биригип иштеп чыкты. Мурдагы долбоордогу бир катар беренелер алынып салынды. Мисалы, ошол эле сиз жогоруда айтып өткөн ар бир журналист керек болсо айыл өкмөттөн маек алыш үчүн аккредитациядан өтүп, убара тартыш керек деген маселелер бар болчу, алардын баары алынып салынды. Андан сырткары, Санарип жана Адилет министрлигинен сөзсүз каттоодон өтүш керек деген маселе бар эле, бул жерде бирөөсү гана калтырылды. Жарандык коом менен иштеп чыккан долбоордун бир да үтүрүн, чекитин өзгөртпөй, Парламентке киргизгенбиз. Албетте, мыйзам чийки болсо депутаттар оңдоп, түздөп, бышырганга укугу бар. Ошого байланыштуу бир аз өзгөртүүлөр болгон. Экинчи суроо боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда иш алып барып жаткан, 100 пайыз каражатты сырттан алган медиалар бар. Аларга тоскоолдук жок, бирок бул жактагы үлүш 35%дан ашпашы керек жана ал Кыргызстандын жараны болуш керек. Дүйнөлүк практикада ушундай” деди.

Андан кийин депутат Элдар Абакиров айрым журналисттер кайрылуу жасаганын белгилеп, макулдашылган долбоор өзгөрүп кеткенин, журналисттин укугун коргогон пункттар алынып, Министрлер Кабинети чечет деген жобо кирип калганын сурады эле, министрдин орун басары негизги маселе каттоодо болуп жатканын айтып, депутаттар “маалымат каражаты сөзсүз каттоодон өтүш керек” деген сунушту киргизишкенин билдирди.

Ошону менен талкуу бүтүп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, эки эл өкүлү “каршы” добуш берди. Ушул эле долбоорду үчүнчү окууда 57 депутат колдосо, үч эл өкүлү каршы болду. Документ эми Президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев:

— Биринчи вариантында ЖМК суроосуна жооп алышы үчүн ошол мамлекеттик органдардын баарынан аккредитациядан өтүшү керек деген пункт кирип калган, биз аны алып салдык. Мурункусунда айыл өкмөттөн, акимияттан, облустук акимчиликтен дагы каттоодон өтүшү керек болчу, аны алдык. Мурдагысында Санарип жана Юстиция министрликтеринен сөзсүз каттоодон өтүшү керек деген жобо бар эле. Азыркысында Юстиция министрлигин гана калтырдык. Бирок, журналисттерди кызыктыруучу пунктту киргиздик. Эгер каттоодон өткөн ЖМК мамлекеттик органдарга кайрылса, аларга мамлекеттик органдар үч күндүн ичинде жооп бериши керек, эгер жооп бере албай калса, себебин айтып билдирме бериши керек. Эгер каттоодон өтпөгөн медиа болсо, анда 14 күндүн ичинде жооп берилсе болот. ЖМК Кыргызстандын мыйзамдарын бузган учурда биз тараптан 12 айдын ичинде экиден ашык эскертүү берилсе, биз аны жабуу тууралуу сотко кайрылабыз.

Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев:

— ЖМК боюнча мыйзамдын жаңы долбоору аябай талкуудан өтүп даярдалды. Аны даярдоого депутаттар, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Демек, бардык сунуштар, пикирлер эске алынды десек болот. Тилекке каршы, бизде ЖМКга байланыштуу мыйзамдар кабыл алынса эле “сөз эркиндигине каршы келет, демократиялык баалуулуктарга шек келтирет” деген сыяктуу сөздөрдү айтып чыкчу топтор бар. Бул мыйзамга байланыштуу да каршы пикирлерди айтып, нааразылыктарын билдиришсе, таң калбайлы. Менимче, бул мыйзам долбоору эң ириде Кыргызстандын медиа мейкиндигиндеги башаламандыктарды токтотуп, тартипти орнотууга, бекем эрежелерди камсыз кылууга, ЖМКлардын, журналисттердин жоопкерчиликтерин күчөтүүгө багытталган. Айрымдар айтып жатышкандай, журналисттердин, сырттан каржыланган ЖМКлардын укуктарын, эркиндиктерин чектеген нормалар жок. Демократияга же сөз эркиндигине каршы эч нерсе жок. Эми мыйзам долбоорунан кемчилик, катачылык издей бербей, аны кабыл алып, аны менен иш жүргүзгөнгө үйрөнүшүбүз керек.

Зулпукаар САПАНОВ