"Эркин-Тоо"

Жоэл Кожо Иранга кетеби?

Кыргызстандын мыкты футболчусу Жоэл Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өткөнүн  Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
«Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу 11 номерди тандап, 2+1 форматы менен келишим түзгөн. Башкача айтканда, эки жылдан кийин келишим дагы бир жылга узартылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Кожо Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда 24 оюн өткөрүп, сегиз гол киргизген.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!