Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн кайра таң эрте башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 16-октябрдан тартып Жумгалдын Өрнөк айылынын тургуну уулу менен мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери 19-октябрдан бери үзгүлтүксүз уланып жатат.