Кечээ, 16-декабрда Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаеванын демилгеси, аракети жана окуу жайдын көмөгү менен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында ачылган акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган 2 жылдык Жогорку адабий курстун таанытымы (презентациясы) болуп өттү. Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө 2 жылдык окуу мөөнөтүн камтыган Жогорку адабий курстун Кыргыз Республикасынын аймагында ачылышы, албетте, колдоого аларлык маселе.
Мындан 22 жыл мурда, (1992-жылы) так эле мына ушундай ниетте азыркы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин базасында да “Адабий ишмердүүлүк” деген аталышта бюджеттик бөлүм ачылып, ага 20дай студентти 4-5 жылдык окуу мөөнөтү менен кабыл алып, бирок максат толук ишке ашпай токтоп калганынан коомчулуктун кабары бар. Ал кезде профессордук-окутуучулук курамы менен студенттердин катышы боюнча ал университет Кыргызстанда биринчи орунду ээлеп турчу. Учурунда алар да өз “окуучуларын, угуучуларын” Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө окутуп, проза, поэзия, драматургия, балдар адабияты, адабий сын, очерк жана публицистика, көркөм котормо сыяктуу көркөм жанрлар боюнча сабактарды, чыгармачыл семинарларды өтүп, адабий ишмерлерди даярдайбыз деген ниетте болушкан.
Ал эми Орусиянын М. Горький атындагы Жогорку билим берүү адабий институтунун тарыхына кыскача токтолуп өтсөк, окуу жай 1932-жылдын 17-сентябрында СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун токтому менен Москвада адабият институтун түзүү чечими кабыл алынып, 1933-жылы СССР Жазуучулар союзунун Бүткүл союздук уюштуруу комитетинин 10-июлундагы декретинин негизинде Кечки жумушчу адабий университети (ВРЛУ) түзүлгөн. Анын салтанаттуу ачылышы 1933-жылдын 1-декабрында болгон. Сабактар 1933-жылдын 3-декабрында Москва шаарынын Тверской бульварынын 25-дарегиндеги А. И. Ге́рцендин жашап өткөн үйүндө башталган. 1936-жылы ВРЛУ СССР Жазуучулар союзунун алдындагы кечки адабий институт болуп кайра түзүлгөн, 1939-жылы институт советтик Жазуучулар союзунун адабий институту деп аталып калган. СССР Министрлер Советинин токтому менен 1946-жылдын 13-августунда Горькийдин дүйнөдөн өткөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу жазуучунун ысымы ыйгарылган. Демек, бул маселеге мамлекеттик алкакта көңүл бурулбаса, өз алдынча коммерциялык нук менен өсүү жолуна чыгып кетет деп бүтүм чыгаруу таптакыр мүмкүн эмес.
Кечээ биздеги жаңы ачылган 2 жылдык Жогорку адабий курсунун таанытымы (презентациясы) боюнча айта турган болсок; Бир нече эске алчу жагдайлар бар. Адатта кыргыз “Бүткөн ишке сынчы көп” деп коет эмеспи, бирок атайын сунуш, пикир билдирүү үчүн барган соң, бирде болбосо бирде эске алышар деген ойдо сунуш, пикир деп кабыл алат деген ойдобуз.
ИШ-ЧАРАНЫ ӨТКӨРҮҮ ФОРМАТЫ БОЮНЧА;
Иш-чаранын форматы “баягы, баягы, койчумандын таягы” дегендей, баягы эле калыпка салынган форматтын чегинен чыга албаган, консервативдүү типте өттү. Катышкандар негизинен акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөр, журналисттер болду. Андай болгон соң, албетте, башталышында аталган курстун уюштуруучулары Үмүт Култаева менен Түмөнбай Колдошев сөз сүйлөп ачты. Анан албетте, чакырылган коноктордун “эң расмийи” болгон Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиевага сөз кезегин беришти. Депутат айым сүйлөп бүтүп, иш-чаранын андан аркы жүрүшүнө катышпай чыга бергенде, артынан адаттагыдай эле уюштуруучулар да сүрүлө ээрчип чыгып, бир топ убакыт иш-чарадан көрүнбөдү. Ал убакта иш-чаранын модератору берки Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп келген кыргыз акын-жазуучуларына кезек менен узун сабак сөз берүүсүн улантты. Алар өз сунуш-пикирлерин, каалоо -тилектерин айтып жатты, бирок депутат айымды жандап чыгып кеткен уюштуруучулар алардын бир топторунун сунуш-пикирлерин, каалоо-тилектерин уга алышкан жок.
Ал эми чакырылган көпчүлүк адаттагыдай эле “тизилип отуруп алып” узун сабак сөз сүйлөөчүлөрдүн сөзүн аргасыз чыдап угуп отурушту. Баягы эле советтик стереотиптен чыга албаган тажатма, шаблонго салынган жыйналыш. Баса, арасында адабий курстун “студенттери” улам чыгып ыр окуп жатышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кадимки эле мектеп окуучуларына ачык сабак өтүлүп жаткан класста отургандай экени айтпаса да түшүнүктүү. Атайын чакыруу баракчасын берип кеткен Жогорку адабий курстун өкүлү, иш-чара эркин форматта өтөт, барып катышып сунуш-пикирлериңизднрди айтып, өз ойлоруңуздарды ортого салыңыздар болот, дегенинен биз эркин дискуссияга күбө болобуз деп барганбыз.
Эми сунуш — ушунча аракет, күч жумшап, жакшы тилектер менен ачып, иш баштаган бул курста, сиздер, албетте бир “жаңылык” жаратуу максатында аракеттенип жатасыздар. Демек, иш-аракетте консервативдик ыкманы, мамилени азайтуу, керек болсо жоюу кажет. Ар бир нерсеге жаңыча мамиле жасай билүү өзүңүздөргө жакшы. Мисалы, жеке эле мени эмес, көпчүлүктүн көзүн тажаткан бир көрүнүш- аягы түгөнбөгөн узун сабак сөз берүүлөр… Анан “ыр кеседе” ырдачу баштанып кош этек көйнөкчөн көйкөлүп, катар тизилген курстун “студенттери”. Максаттуу иш-чара мындай өтпөшү керек. Ал жерге жасалмалуулуктун кереги жок болчу. Жаңы идеялар, жаңы толкундар эркин микрофон, эркин дискуссиядан жаралган ой-пикирлердин иргелүүсүнөн келип чыгып ишке ашары талашсыз. Демек, ар түрдүү көз-караштагы ар кайсы курактагы интеллигенциянын, ошол эле чыгармачыл чөйрөнүн пикирин угууга ылайыкташкан, улуу-кичүу муундун эркин пикир алышуусуна өбөлгө түзө алган иш-чара өткөрүү зарыл, антпесе адабий процессте да, адабияттын өзүндө да жаңылык жаратуу мүмкүн эмес. Тагыраагы, заманбап адабиятчыларды даярдоо мүмкүн эмес. Жыйындын форматын өзгөртүп, тегерек столдо эркин талкуу жүргүзүп, улуу, орто, кичүү муундун ой-пикирлеринин жыйындысынан бүтүм чыгарып, аны ишке ашырууну жолго коюу бүгүнкү мезгил талабы. Чыныгы заманбап адабиятты жаратуу процессинде “устукан тараткансып” улуулата сөз берип, аны кичүүлөр тажаса болбой угуп отуруу ыкмасы жараксыз.
Экинчи бир маселе, учурда жалпы адамзат тарабынан адабияттын өзү көп бааланбай калган мезгилде, аны окуп үйрөнөйүн деген жаштар чыктыбы? Эгер чыкса алар кимдер? Аларды кантип окутат? Окутуучулар кимдер? Алар кайсы программанын негизинде иш алып барат?.. деген суроолор жаралбай койбойт. Бул жеке эле биздин элге келген көйгөйлүү маселе эмес. Дүйнөлүк адабият деле бүгүн илгеркидей адамзаттын жашоо-турмушуна таасирин тийгизип, жогорку деңгээлде бааланып жаткан жери жок. Мыкты акын-жазуучуларды кадырлап-барктагандар серүүндөп баратат. Бул табийгый процесс. Бул көрүнүштү бир мамлекет өзгөртүп же токтотуп жиберет деп айтуу кыйын. Дүйнөлүк адабият өзү мындай кризистик абалга кептелип турганда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында ачылган 2 жылдык Жогорку адабий курсуна заманбап окутуу усулдары, мастер класстар өтүлүп, ага чыныгы таланттуу жаштар ар кандай тоскоолдукка карабай топ-тобу менен агылып келбесе анда бул курстун келечеги бүдөмүк бойдон калат.
Маселен, М. Горький атындагы Жогорку билим берүү адабий институтунда окуган Дөө-Шаалардын В.Астафьев, М.Алигер, Ч.Айтматов, Р.Гамзатов, Е.Долматовский, Н.Рубцов, М.Матусовский, К.Симонов, А.Чаковский, И.Кадарэ, С.Смирнов, М.Луконин, С.Наровчатов, Л.Татьяничева, В.Тушнова, Ю.Трифонов, И.Гофф, Э.Асадов, Е.Евтушенко, Б.Ахмадулиналар баш болгон бир топ үлкөндөр кийинчерек кайра ошол институтка сабак бергени маалым. А бизде ачылган Жогорку адабий курсуна кимдер сабак берет? Алар кимдер? Алардан эмнени үйрөнүүгө болот? Эмнени окутуп үйрөтө алышат? Эмне үчүн курстун угуучуларынын (студенттеринин) арасында таланттуу жаштар аз?.. деген маселе да бүгүнкү күндө актуалдуу орунду ээлеп турат.
Бахпурбек Аленов