Бир топ жылдардан бери баш калаадагы ар кайсы ЖОЖдордо окутуучу болуп, кабыл алуу комиссияларында иштеп жүргөн илимдин кандидаты болгон агайым бир курдай, “биз кыргыздар, эмнегедир юриспруденция, экономика багыттарына “үймөлөктөшүп” алабыз. Окууга болгон келишимдик баанын жогору болгонуна да кайылбыз. Мындай көрүнүш союз мезгилинен бери элибиздин аң-сезимине сиңип калган. Ошол эски иннерция менен келе жатабыз. Кесип тандоого келгенде мамилебиз кызык. “Мен кесибим боюнча деле иштебейм. Досторума, кайындарыма, колуктума көрсөтүш үчүн окуп жатам” дегендерди угуп, бир эсе таң калам. Мындай шартта эмне дешти да билбейм. Балким бул биздин маданиятка тиешелүү нерсе го”- деп айтканы бар.
Кызыгы, илим кандидатынын пикиринде кеп болгон көрүнүш азыр да күчүндө. Анан калса, бизде дээрлик бардык ЖОЖдор (менчиги, жарым-жартылай мамлекеттиги, мамлекеттиги да) көбүрөөк абитуриенттерди тартуу үчүн бир өңчөй экономика, юридика бөлүмдөрүн ачып алышкан. Бул адистиктер суроо талаптан же өзгөчө бир муктаждыктан жаралган дейин десең, сандыкта жаткан дипломдор миңдеп саналары жалганбы? Мындай шартта албетте, сапат жабыр тартат…
Ушул жерден таң калычтуу мисалга көңүлүңөрдү бургум келүүдө. Учурда болочоктогу каржы, эсеп-чотчу адистерди даярдаган экономика адистиги (факультети) Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясы, Кыргыз улуттук консерваториясы менен Көркөм сүрөт академиясы, ТИМ менен ИИМге караштуу академиялардан тышкары дээрлик бардык жогорку окуу жайларда ачылган. Элестеттиңерби? Тоо-кенчилерди даярдаган институттабы же техникалык жана педагогикалык университеттердеби, айтор, экономика бөлүмү бүтүндөй ЖОЖдордун базасында бар. Мейли, ачыла берсин, анысына ич тардык жок. Болгону, ар түрдүү окуу жайларда профилине туура келбесе да, топурап ачылган бул адистиктердин билим сапаты, кадрлардын профессионалдык дарамети, материалдык базасы тууралуу көрүнүштөргө окуу жайдын жетекчилери анчейин деле кабатырланбай, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” таризинде студенттерден келишимдик негизде түшкөн каражатына топук кылып, кирди-чыкты айлык алгандарына каниет кылып келишкени жашыруун эмес. Болбосо, И.Арабаев атындагы КМУ педагогикалык багыттагы адистерди тереңдетип, окутуп, илимдеги изги ишин дал ушул чыйыр менен улантуунун ордуна келечектеги экономисттер менен болочок дипломаттарды да катарына тартып алганы логикага анчейин сыйбай турат. Аныгында экономикалык билим бизнес катары эмес, профилдүү окуу жайдын миссиясы катары каралышы керек эле. Оруссиянын экс-президенти Д.Медведев: “Техникалык жогорку окуу жайлар акчага болсо да экономисттерди даярдабаш керек жана профилдүү окуу жайларда профилден тышкаркы адистерди начар даярдайт” деп бекеринен айтпаса керек.
Мурдагы “Ишканалардын экономикасы”, “Өнөр жайдын экономикасы”, “Башкаруунун экономикасы” сыяктуу адистиктер азыр моралдык жактан эскирди. Заман агымы күн сайын эмес, саат сайын интенсивдүү түрдө өнүгүп жатат. Эксперттердин божомолунда жакынкы он жылда 40 пайызга жакын кесиптер жоголуп кетерин коңгуроо кагышууда. Бүгүн экономика күн санап өзгөрүүгө, жаңыланууга муктаж. Антпесе, максатсыз, ар кайсы ЖОЖдун баарында саны бар, сапаты жок экономистерди даярдай берүү өзүн актабайт. Мындай көрүнүш жогорку окуу жайларга, мамлекетке деле аброй алып келбейт. Анан калса, бүгүн өтө актуалдуу маселе болгон жасалма интеллекттин эшикти тыкылдатып кирип келиши, бардык ЖОЖдун экономика адистигин андан ары өндүрүп чыгаруу маселеси оорлой турганы айдан ачык.
2022-жылдын 18-июлунда Президент Садыр Жапаров каржылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо, дүйнөлүк рынокто мамлекеттик ЖОЖдордун потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Өлкө башчынын Жарлыгына ылайык 5 ЖОЖго өзгөчө макам берилип, М.Рыскулбеков атындагы КЭУну базалык окуу жай кылып, Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясын, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финасылык-экономикалык техникумун кошуп, ага илимий-изилдөө университети статусун ыйгаруу менен кайра уюштуруу жүргүзүлгөн. Болочоктогу экономистерди даярдоону дал ушул куттуу жайда ишке ашыруу максаты коюлганы бир эседен эң туура кадам болгон. Эки жыл баштагы Президенттин Жарлыгы менен чыккан реформанын оң болгонун ушундан билиңиз, быйыл Өзбекстандагы Ташкент экономикалык университетинин базасында өлкөдөгү башка каржы, экономика институттары кошулуп, экономикалык багытттагы окуу жайлардын флагманына айланганы маалым болду. Мындай кадамдын өзү азыркыдай шартта экономисттерди заманбап тенденцияларга ылайыкташтырып, мобилдүү жана натыйжалуу кылуу зарылчылыгы турганын билдирет. Бул багытта атайын илимий аналитикалык изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен эмгек рыногунун талабына жооп берген, мезгил талабынан артта калбаган, экономикага байланышкан эң керектүү адистиктерди ачыш керек. Андай болгондо экономика адистиктерин даярдоодо чаржайыттык, бири-бирин кайталоо, сапатка эмес, сандын артынан түшүү тыйылат эле деп эсептейм.
Дегеле келечектеги каржы, бухгалтердик эсеп, банк, салык баштаган экономика багытындагы адистиктерди даярдоону М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетине ыроологондо сандан сапатка өтүп, келечектеги кадрдык потенциал чыңдалмак. Өзүнүн калыптануусунда жана өнүгүүсүндө КЭУ билим берүү, кызмат көрсөтүү рыногуна жаш экономикалык кадрларды даярдоонун сапаттык эталону жана чыныгы устаканасы болуп эсептелип келе жатканын моюндаганыбыз оң.
Бүгүн М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети колледж, бакалавриат, магистратура, аспирантура, докторантура жана кошумча адистиктер менен билим берүү программасынын негизинде квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча адистешкен жогорку окуу жайы катары белгилүү. Экономикалык багыттагы башкы профилдик мамлекеттик университет катары ал “Экономика жана башкаруу”, жогорку кесиптик билим берүү, “Экономика жана сервис” орто кесиптик билим берүү багыты боюнча республиканын билим берүү жана илим министрлигинин окуу-методикалык бирикмеси катарында олуттуу жоопкерчиликти алып жүрөт. Өлкөнүн билим берүү системасындагы экономикалык профилдеги адистешкен окуу жай болуу менен ИИУ КЭУ эволюциялык жол боюнча экономикалык билим берүүнүн орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайдан жаңы деңгээлдеги бардык программалар боюнча өзүн-өзү каржылоо шартында адистерди даярдоодо сапаттуу жана керектүү инновацияга жетүүгө максаттуу кадамдарды коюп келет. 1997-жылдын декабрында советтик соода техникумунун базасында түзүлгөн жогорку окуу жай өзүнүн 25 жылдык ишмердүүлүгүндө Кыргызстан ичинде гана эмес, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнө, алыскы чет элдик мамлекеттерге таанылган, заманбап университетке айланды.
Экономика илимдеринин тармагындагы билим берүү, илимий-изилдөө, методикалык жана консалтингдик борборлорду ичине алган, келечектеги адистердин инновациялык өнүгүшүнө теориялык жана практикалык жактан олуттуу салым кошууну ишке ашырган мындай каржы институту турганда болочоктогу экономист адистерди дал ушул окуу жайдан окутууга басым гана жасабастан, мамлекет тарабынан атайын бир программа аркылуу да кабыл алдырганга эмнеге болбосун?
“Университетте ким көбүрөөк окуса – ал сыйлуураак” деген М.В.Ломоносовдун учкул сөзүн КЭУда окуган студенттерге карата айтса жарашат. Ушул күндөрү КЭУнун эң жөндөмдүү студенттерин окуусун улантуу үчүн дүйнөлүк илим менен байланышты бекемдөө максатында чет элдик университеттерге атайын келишим аркылуу жөнөтүлүп турат. Бул окуу жайлар Россия, Испания, Венгрия, Франция, Түркия, Италия, Болгария, Кытай, Казакстан баштаган бир катар өлкөлөрдөгү дүйнөлүк окуу жайлар менен кызматташуунун географиясы уланууда.
Баса белгилеп кетчү жагы, быйылтан тарта КЭУ Венгриянын Обуда Университети менен бакалавр жана магистратура боюнча кош диплом программасына студенттерди кабыл алып, эки диплом алганга шарттарды түзгөнү өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Мындай мүмкүнчүлүк КЭУда 10 жылдан бери 4 адистикти толук англис тилинде ишке ашырып келе жатканынын жыйынтыгы деп да атаса болот.
Белгилүү илимпоз, Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев ар бир ЖОЖ өзүнүн профили боюнча адистерди даярдашы керек деген пикирде. Төмөндө анын жүйөөлү пикирин сөз ыңгайы келгенде кыстара кеттик:
-Өз мезгилинде И.Арабаев атындагы КМУда, К.Скрябин атындагы КАУда, алтургай Нарын, Талас университеттеринде юридикалык факультеттер ачылгандан кийин алардын барын бириктирип, бул жаатта Юридикалык Академияны негиздегенбиз. Бүгүн билим берүү жаатында ушундай баш-аламан система болуп жатат. Ар бир жогорку окуу жай өзүнүн профили боюнча “ийне-жибине чейин” окута турган адистерди даярдашы керек. Ошого жараша кадрларды, материалдык, техникалык базаны күчөтүү абзел. Андан тышкары, ЖОЖдордо мүмкүн болушунча илим менен алектенгендер болбосо болбойт. Билим менен илим жакшы интеграция болмоюн, өлкөдө өргө карай өсүш мүмкүн эмес. Маселен, педагогикалык адистиктерди даярдаган жогорку окуу жайларда экономика факультеттерин ачып алышты. Таң каласың, алардын экономикага кандай тиешеси бар? Алардан кандай кадрлар даярдалууда? Ошондуктан, экономисттерди даярдоону М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун базасында бириктирип, окутса болот. Атайын адистештирилген кадрларды даярдоону келечекте колго алып, бул багытта билим берүү министрлиги терең багыттагы иштерди жүргүзүшү абзел.
Белгилүү илимпоздун мындай пикирине ашыкча комментарий бериштин кажети жок. Болгону болочогун аныктап, келечекте күчтүү экономист болууну каалагандар профилдик багыттагы атайын адистешкен окуу жайда илим алса деген изги тилекти билдиргиң келет.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ,
журналист,
УИАнын аспиранты