"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңеш фамилияны тандоого багытталган мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш 6-февралдагы жыйынында кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам долбоорунда жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү экенин белгиледи.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет.

Мыйзам долбоору эми президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Пример HTML-страницы