"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңеш “КР Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду

28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору каралды.

Депутаттар аталган мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Демилгечи – Кыргызстандын Президенти.

Мыйзам долбоорунда сунушталгандай, Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда КР президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон КР Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!