Жогорку Кеңеште мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну талап кылышты

Депутат Талайбек Масабиров Билим берүү министрлигинен окуу убагында уюлдук телефонду пайдаланууга тыюу салууну киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын берген маалыматына ылайык, жеке мектептерде бул маселе жолуна коюлган. Ал жакта сабак учурунда телефонду пайдаланууга тыюу салынган. Ал эми мамлекеттик мектептерде мындай катаал көзөмөл жок. Ар бир мектептин администрациясы маселени өздөрү каалагандай чечип келишкен.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!