20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Талайбек Масабировдун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин сунуштаган. Ал эми “Ынтымак” фракциясынан көрсөтүлгөн Шарапаткан Мажитова менен “Элдик” депутаттык тобунан сунушталган Нурлан Ражавалиев талапкерликтен баш тартышкан.
Добуш берүүнүн жыйындыгында депутат Масабиров Талайбек Айтмаматович Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Култаева Гүлшаркан Оконовна Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынган.