Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.
КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкекте боло турган жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чарага Орусиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.
Конференцияга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы катышууда.