КР ЖКнын отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр-жай саясаты боюнча комитетинин Ысык-Көл облусундагы энергетика, өнөржай ишканаларынын абалы менен таанышуу боюнча көчмө жыйын Ысык-Көл районунун РЭСинин, айрым чарбалардын ишмердиги менен таанышып, ТоруАйгыр айыл өкмөтүнүн “Бишкек Солар” ОсООнун маалыматтарын укту.
Андан кийин Балыкчы шаарындагы нефтебазанын ишмердиги менен таанышып, элдердин, шаардык Кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү бийликтин өтүнүчү боюнча жер кыртышына нефтепродуктылары сиңгендиктен көлдүн экологиялык абалына коркунуч жаралып жаткан нефтебазаны көчүрүү маселесин жеринен көрүшүп, талкуулашты. Эл өкүлдөрүнүн жергиликтүү калк менен жолугушуусу мэриянын жыйындар залында уланды. Шаар мэри Азамат Арнабек уулу жана шаардык Кеңештин төрагасы Жакшылык Абдразаков нефтебазаны көчүрүү үчүн муниципалдык жер бөлүнүп берилерин билдиришти. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы пороходствого көмүр ташып жаткандыктан бул экологиялык курч маселе экендигин билдиришти. Сөз алган М.Акатов жана башкалар пороходствого көмүр ташууну токтоктотууну талап кылышты. Отун-энергетика министри бир да унаа таш көмүр ташылбасын убадалады. Ошондой эле, Азамат Арнабек уулу шаардын түндүк-чыгыш тарабынан жаштарга жер берилгендигин эми суу жана электр
энергиясы жеткирилерин кошумчалады. Жрлугушуунун соңунда нефтебазанын көлдүн экологиялык абалына тийгизип жаткан зыяндуулугун илимий негизде текшерүү үчүн атайын комиссия курамын түзүү чечими кабыл алынды.