Жогорку Кеңештин депутаттары Палестинаны колдоо үчүн бир күндүк маяналарын бөлүп беришет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Буга чейин депутат Жалолиддин Нурбаев алестинага материалдык колдоо көрсөтүүнү каалаган кыргызстандыктар көп экенин билдирип, ТИМге атайын эсеп ачууну демилгелеген.
Жаныбек Кыдыкбаев жабыркагандар үчүн депутаттардын бир күндүк маянасын бөлүп берүүнү демилгелеген. Мындай чечимди эл өкүлдөрү бүгүн жалпы добуш берүү менен кабыл алышты.
Газа тилкесиндеги Аль-Ахли ооруканасына жасалган ракеталык сокку акыркы күндөрдүн башкы темасы бойдон калууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык Газа тилкесинде согуш башталгандан бери дээрлик 3 миң 500 киши набыт болду. Израилде акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 1 миң 300.