"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Айжигит Тыналиев: “Кызмат көрсөтүүдө кемчиликтер бар”

Парламентке №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген маектешим кичи мекениндеги көйгөйлүү маселелерди көтөрүү жагынан айрым кесиптештерин алдына чыгарбайт. Кыска аралыкта активдүү эл өкүлүнө айланган депутат менен бир катар маселелердин айланасында ат жалында маектештик.

— Айжигит мырза, өткөн жылы Ысык-Көл районунун бир катар айылдары селден жабыркап, олуттуу чыгымга дуушар болушкан. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга мамлекет тарабынан материалдык кенемтелер жетиштүү деңгээлде төлөндүбү? Дегеле табият кырсыгынан жабыркагандарга карата бийликтин мамилеси кандай болду деп ойлойсуз?

— Ооба, өткөн жылдын 18-августунда катуу нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл районунун Садыр аке айыл аймагынын Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел жүрүп, суу каптаган. Селден жабыркап, кырсыкка кириптер болушкан жарандарыбызга мамлекет тарабынан тийиштүү материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тарабынан үйлөрүн камсыздандырган жарандарга келтирилген чыгымы бааланып, акча төлөнүп берилди. Жогоруда аталган айылдарды каптаган жаратылыш кырсыктарынан соң эл өкүлү катары кайдыгер карабай, колдон келген аракеттерди кылдык. Мындан ары да колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче бар аракетибизди кыла беребиз.

— Парламенттеги бир катар кесиптештериңиз тарабынан жаңы шайлоо мыйзамы демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Идеалдуу эч нерсе болбостугун өзүңүз жакшы билесиз. Талкууга коюлган шайлоонун жаңы эрежесинде кандайдыр бир чийки кемчиликтерди байкай алдыңызбы?..

— 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ток этерин айтайынчы, мен бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин. Анткени, мен өзүм дагы бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келгем. Сунушталган жаңы мыйзам долбоорунда бир шайлоо округунан үч депутат шайланып келсе, ошол округдун көйгөйлөрүн, маселелерин чечүүдө жакшы бир натыйжа берет деп толук ишенем. Мындан сырткары, бул мыйзам менен биздин айымдарыбыздын дагы квотасы так жана туура каралып жатат.

— Ушул тапта бир катар эксперттер баш калааны каптаган кара түтүндүн айынан борбор шаарды тезинен өлкөбүздүн башка аймагына көчүрүү керектигин, баш калаага эң ыңгайлуу аймактардын катарына Кочкор жана Балыкчы шаарын мисал келтиришүүдө. Эл өкүлү катары эксперттердин мындай сунушу канчалык деңгээлде ынанымдуу деп ойлойсуз?

— Бул келечекте ойлоно турчу эң маанилүү маселе. Тегин жерден жаралбаган мындай сунуштарды “жети өлчөп, бир кесип” чечим кабыл алгандай болушубуз керек. Аныгында борбор калааны өлкөбүздүн башка аймагына көчүрүү эбегейсиз каражатты жана экономикалык чараларды талап кылчу маселе. Андыктан, азырынча Бишкек шаары борбор бойдон эле калуусун туура деп эсептейм.

— Кичи мекениңиздеги туристтерди тейлөө, аларга кызмат көрсөтүү тартиптерине ичиңиз чыгабы? Ысык-Көлдө ар жылы облус башчысын алмаштыруу жүрүшү эс алуу мезгилине кедергисин тийгизбейби?

— Ысык-Көл облусу Кыргызстандагы эс алуучулар эң көп каттаган аймак. Ошого карабастан берметтей Ысык-Көлүбүздө алыс-жакындан келишкен эс алуучуларды тейлөө, аларга кызмат көрсөтүү тартиптери дүйнө жүзүндөгү эл көп барган Түркия, Дубайга салыштырмалуу кемчиликтерибиз бар. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Учурда заман талаптарына ылайык Ысык-Көлдө да жакшы эс алуу борборлору курулуп жатат. Эс алуучуларга карата акырындык менен кызмат көрсөтүү тартиптери жакшы нукка бурулуп жатканын дагы эске алышыбыз керек. Ал эми облус башчысын алмаштыруу эс алуу мезгилине эч кандай кедергисин тийгизбейт. Анткени, облус башына келген жетекчилердин бардыгы тажрыйбасы чоң, өз ишин билгендиктен дайындалат. Көчөдө жүргөн эле тажрыйбасы жок бирөө килейген облустун башчылыгына дайындалбайт да, туурабы? Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Бактыбек Жетигенов буга чейин ээлеген кызмат ордуларында алгылыктуу иштерди алып баргандыктан дайындалды деп эсептейм.

 

                                                                                                     Калыгул Бейшекеев

 

 

Пример HTML-страницы