Тээ ала жайда №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан атаандаштарын ат чабым артка калтырып, Жогорку Кеңешке шайланып келген Айжигит Тыналиев жакында Парламенттен ант берип, жаштык жигери менен ишке кызуу киришкен чагы. Кезегинде Балыкчы шаардык кеңешине 2 ирет шайланган эл өкүлүн азын‑оолак кепке тарттык.
— Айжигит Казакбаевич, жаңы муундун өкүлү катары шайлоодон кантип “топ жарып” чыктыңыз?
— Бул дагы болсо эң оболу Кудайдын буйругунан жана аракетиңден болот экен. Депутаттык төш белгини тагынып, ант берген соң алгач ирет сиздерге маек берип жатып, гезит аркылуу №36 Ысык-Көл шайлоо округунун элине чоң ыраазычылык айтмакчымын. Маарага карай бир канча талапкерлер ат салышса да шайлоочулардын көпчүлүгү мага колдоо жана ишенич көрсөтүп өз добуштарын беришти. Мен өз кезегинде Балыкчы шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышында депутат болуп шайланып, элдин олуттуу көйгөйлөрүн чечкенге болгон күч-аракетимди жумшап келгем. Кыргыздын “элге бергениң текке кетпейт” – деген баалуулугунда айтылгандай, эл-журтка кылган аздыр-көптүр эмгегибизди көпчүлүк баалап, парламентке зор ишеним менен шайлап беришти. Эми ушул эл берген ишенимди суутпай, көпчүлүк үчүн дагы да болсо “каруумду казык, жанымды азык кылып”, бел чечпей иштеп бергенге даярмын.
— Балыкчы шаарынын көйгөйүн жеринде жакындан жакшы билген эл өкүлү катары шамалдуу калаанын кайсы маселесин чечүүгө аракет кылып жатасыз?
— Көп эле маселелер бар. Көйгөйлөрдү көтөрүп, четинен чубасаң табыла берет. Эң башкысы бүгүн Балыкчы шаарынын негизги көйгөйлүү маселеси эле – турак жай курууга болгон жердин тартыштыгы. Анткени Балыкчы шаарынын тургундары үчүн турак жай салууга жер тилкелерин алганга мүмкүн болбой келет. Ошол себептен, Балыкчы шаарына өлкө жетекчилигинин жардамы менен мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселесин көтөрүү депутаттык ишмердүүлүгүмдөгү эң алдыңкы пландарымдын бири. Калганын дагы убакытка жараша көрөбүз.
— Жакында Ысык-Көл районунун Темир, Корумду, Булан-Сөгөттү баштаган бир катар айылдарын сел каптап, жергиликтүү эл кадимкидей карайлап, материалдык гана эмес, көпчүлүктүн моралдык да колдоосуна муктаж болуп калышты. Ошол аймактан шайланган эл өкүлү катары сиздин карааныңыз ал жактан көрүнбөдү го?
— “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат. Баарыңыздарга маалым болгондой, менин депутаттык ыйгарым укуктарым 2024-жылдын 2-сентябрында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында расмий ант берүүдөн кийин башталды. Ошого карабай, август айында Ысык-Көл районунун Темир, Корумду айылдарына барып, жергиликтүү тургундар менен кезигип көйгөйлөрүн угуп, Кыргызстандын жараны катары колумдан келишинче, мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп келгем. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин 5-сентябрдагы пленардык жыйынында жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыркаган жогоруда аталган айылдардын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан кошумча техника жана каражат керектигин билдирдим. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жердештерим үчүн мындан ары деле шарт-жагдайга жараша маселелерин угуп, көйгөйлөрүн тыңдап, колубуздан келген аракеттерибизди кыла бермекчимин.
Калыгул Бейшекеев