"Эркин-Тоо"

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт ТЕНТИШЕВ: “Президенттин пенсия тууралуу кеби көпчүлүктү кубантууда”

Бакыт Тентишев “Ынтымак” фракциясынан парламентке келген жаш эл өкүлдөрүнүн бири. Парламентте кичи мекенине байланышкан көйгөйлөр менен көп алпурушуп, жалпы Чүй, Кеминдин жеңилин жерден, оорун колдон алган депутат катары оозго илинип жүрөт. Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Эркин Тентишевдин уулу экенин көпчүлүк биле бербейт. Атанын уулу болгон эл өкүлү менен коомдук, саясий абал жана депутаттык ишмердүүлүгүнүн айланасында баарлаштык.

— Бакыт Эркинович, “Жаңы кадам” аталышындагы социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык маанидеги кеңешмеде Президент Садыр Жапаров өлкөдө аткарылып жаткан бир катар изги иштерди тизмектеп, 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү көтөрүлөөрүн айтты. Мындай жакшы саамалыкка биздин экономикабыз менен мамлекеттик казынабыз туруштук бере алабы?

— Ооба, ошол кеңешмеде соңку убакта өлкөдө аткарылып жаткан бир катар изги иштер айтылды. Анын ичинен орчундуусу пенсиянын көлөмү көбөйтүлө тургандыгы боюнча жагымдуу жаңылык болду. Президентибиз 2021-жылы пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи. Акырындык менен социалдык төлөмдөр жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан жогору турган чекке жеткирилерин кошумчалады. 1-октябрдан тартып пенсия 6800 сомдон кем болбой турганын белгилеген. Өлкө башчыбыздын өзгөчө “Мен мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багытта иштерди уланта беребиз” – деген жалындуу кеби көпчүлүктү кубантты. Соңку 3 жылдын ичинде казынабыздын көлөмү канчалык деңгээлде көтөрүлгөнүн акыл-эстүү, сергек ой жүгүрткөн жарандарыбыздын баары сезип, көрүп турушат. Канчалаган социалдык имараттар, жолдор, көпүрөлөр, алтургай ГЭСтер салынып жатат. Мен сөз ыңгайы келгенде бир көңүл жубатчу көрүнүшкө токтолуп кетейинчи.

— Кыскача, ток этерине гана токтолсоңуз…

— Президент Садыр Жапаров тээ башынан футболдун ышкыбозу, сүйүүчүсү катары жалпы бул оюндун күйөрмандары үчүн шык берип, өлкөбүздө бул оюндун түрү абдан өнүгүп жатат. Бул жаатта Кыргызстандын тарыхында болбогон иштер башталып, Бишкектин четинде биринчи жолу сыйымдуулугу 45 миң орунга жеткен, эл аралык деңгээлде оюн өтчү футболдук стадиондун курулушун баштап, иш кызуу жүрүүдө. Билгенге, баалап-барктаганга мунун өзү кандай жетишкендик? Биздин тарыхта качан ушундай иштер болду эле, туурабы? Анан калса Президентибиз футбол тармагын өнүктүрүш үчүн федерацияны тизгинин иш билги жетекчибиз Камчыбек Ташиевдин колуна тапшырды. Биз эми жакшыны жакшы десек, Жараткан пейил-ниетибизге жараша иштерибизди да оң жагына салат.

— Соңку убакта Кыргызстанга Индия, Пакистандан келип окуп, иштеп жүрүшкөн чет элдик меймандарыбыз менен айрым кызуу кандуу, “чоң муштум” жаштарыбыздын чыр-чатагы дүйнөлүк коомчулукка тараганын көрдүңүз. Учурда миңдеген меймандарыбыз өз өлкөсүнө чыгып кетишүүдө. Алардын биздин өлкөдө окуп, эмгектенип жүрүшү экономикабыз үчүн тыгын болот беле?

— Албетте, жеке эле Индия, Пакистандан келген студенттер эмес, чет жерден келген жалпы меймандарыбыздын биздин өлкөдө иштеп, экономикабызга салым кошуп жатышын колдоп, кубаттап гана турушубуз керек. Маселен, Кант шаарында атама таандык С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунда Индия, Пакистандан 4 жарым миңге жакын студенттер келип, билим алышат. Акыркы жагымсыз жаңжалдан соң 2 миңге чукул студент мекенине кайтып кетишти. Алар болгону бизге билим алууга гана келишкен. Жөнөкөй гана мисал, студенттердин чет элден бери келип, Кантта окуп жатышы жергиликтүү соодагерлер менен такси тейлөөчүлөр үчүн жакшы болуп жаткан. Бул бир гана Канттагы көрүнүш. Бишкек менен Ош шаарларында билим алып, иштеп жүрүшкөн студенттер да өз мекендерине кайтышууда. Кырдаал тынчыган соң азыр мекенине жөнөп жатышкан студенттер Кыргызстанга кайтып келип, окуусун улантаарына ишенебиз. Аныгында бул чыр-чатакты алдын-алуу же убагында олуттуу мамиле кылбаган милиция кызматкерлеринин да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлөрү бар. Биз бул жагын да ачык айтышыбыз керек. Ушул күндөрү өкмөт бул кырдаалды жөнгө салып, Индия, Пакистандын бийлиги менен эки тараптуу мамилени жакшы жолго салуудагы аракеттери колдоого гана татууда.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№43 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 7-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!