-Дастан Далабаевич, Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстанда 100 объектинин ачылышы болду. Анын 60ы социалдык жайлар, 40ы өндүрүш ишканалар деп айтылды. Муну жетишкендик катары бааласак болобу?
— Муну чоң ийгилик десек болот, себеби бул өтө дымактуу план болчу. Көпчүлүк адамдар ишенген эмес, мына ишке ашты. Албетте, ишкананын арасында чоңу, кичинекейи бар, бирок ошол 40 ишкана менен токтобойт. Жылдын аягына чейин дагы бир канча ишканалар жана социалдык объектилер ачылат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтканы боюнча ишканалардын саны 100гө жетет. Азыр 30-августка чейин даяр болгон объектилер гана ишке кирди. Мен билгенден жакынкы айларда дагы бир топ ишканалар ачылат. Мисалы, “Кыргызиндустрияда” бир ишкана бар эле, Италиядан тетиктери убагында келбей, кечээки ачылган ишканалардын катарына кирбей калды. Белгилеп коюшубуз керек, ишканалардын ачылышы үч жыл аралыгындагы экономикалык өнүгүүнүн негизинде болду. Эгер өнүгүү болбогондо мынчалык ишкана жана социалдык объектилер ачылмак эмес.
— Бишкектин 12-кичи районунда курулуп жаткан асфальтбетон чыгаруучу заводго шаар тургундары нааразы экенин, Жаратылышты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен бул завод текшерүүдөн өтпөгөнүн айтып чыккан элеңиз.
— Ооба…
— Жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекетке кайтарылганын билдирип, көп өтпөй “Кум-Шагыл” заводунун жетекчилигинин актанган кайрылуусу чыкты. Ал жерде мыйзамсыз иштер көп окшойт, сизге эмнелер белгилүү?
— Биринчиден, ал жерде жаңы асфальт-бетон завод курулбай турган болду. Жаратылышты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги текшерип, курганга болбойт экен деген чечимин чыгарды. Мен мэр менен сүйлөшсөм, алар дагы курганга болбостугун мойнун алып, башка жакка жылдырмай болушту. Ал эми “Кумшагыл” заводу азыркыдай эле иштей берет. Бирок, аларга азыр мамлекет тарабынан тышкы башкаруу киргизилип, текшерилип жатат. Анын канчалык деңгээлде туура же туура эмес болгонун убакыт көрсөтөт. Учурда жарандар “биздин акциябыз бар, эч кандай мыйзам бузган эмеспиз” деп массалык маалымат каражаттарынан жарыялап жатышат. Алардын талаштуу жагдайын эми сот чечет. Бирок, айтып коюшубуз керек, учурунда ал өтө арзан баага мыйзамсыз менчиктештирилген. Баарыбыз билгендей, Аскар Акаевдин учурунда ушундай компаниялар, жерлер, имараттар, заводдор арзан баада жеке колдорго өтүп кеткен.
— Азыр ошолордун айрымдары кайтарылып жатат, муну жакшы көрүнүш деп эсептейсизби?
— Мунун эки тарабы бар. Бир жагынан караганда туура, менчиктештирүүгө жатпаган, бирок учурунда мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен жерлерди, имараттарды, мектептерди, бала-бакчаларды, автобекеттерди кайтарыш керек. Бирок, ушундай жаңылыктар чыкканда тышкы инвесторлор жана өзүбүздөгү экономикага инвестиция салчу жарандар коркуп калат экен. Кайтарылганы жакшы дейбиз, бирок чочулагандар көбөйгөнү өкүндүрүүдө.
— Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2020-жылы консолидацияланган бюджет 248 миллиард сом болсо, төрт жылда үч эсеге көбөйүп, быйыл анын көлөмү 670 миллиард сом деп пландалып жатканын айтты. Мындай өсүштүн өзөгү эмнеге байланат, үзүрлүү иштин жыйынтыгыбы?
— Бул биринчиден салык саясатынын туура жолго коюлгандыгынын жыйынтыгы. Ачыгын айтышыбыз керек, биздин жарандар салыкты төлөбөй, төлөсө да өтө аз берип көнүп калышкан. Мисалы, Бишкектеги чоң кафе айына 25 миң сом төлөчү. Бул туура эмес эле да. Ал кафеге кирсең күндө той болуп, миллиондогон каражат түшчү. Алар азыр ай сайын 25 миң сом эмес, 5 миллиондон төгүп жатат. Албетте, алар нааразы болот, бирок төлөшү керек, ишкерлер эле эмес, мамлекет дагы байышы керек. Ошолор эле жол тешик, оорукана начар, мектепте балдар көп, китептер жок деп мамлекеттен талап кылып жатышат. Салык көп чогулса мамлекет куруп берет, демек салык саясаты туура эле ишке ашып жатат. Экинчиси, бажыда дагы өзгөрүүлөр, реформалар болуп, каражат түшө баштады. Россия Украина согушунан улам бир топ товарлар бизден өтүп, мунун дагы салымы болду. Мурда Евразия биримдигинен акча сурап жүрсөк, азыр керек болсо биз ашыкча төлөп жатабыз. Баса, бажыдагы санариптештирүүнүн дагы орду чоң болду. Ким кандай товарды киргизип жатканын, каякка сатып жатканын көрсөтүп берүүдө. Мындайча айтканда мамлекетти алдоого мүмкүн болбой калды. Азыркы ККМ системасы дагы жемкорлукту жоюп, салык жыйноого жардамы тийүүдө. Канча товарың бар экенин, кайда кеткенин көрсөтүп берип жатат. Ошондой эле жарандар ККМ чек менен сотко барып сапатсыз товар деп айтууга мүмкүнчүлүк жаралды. Бул жерде жарандардын дагы укугу корголуп жатат.
— “Ататүрк” сейил багындагы үйлөрдү түрттүрбөө өтүнүчү менен мэрияга кайрылганыңыздан кийин токтоп калышты окшойт. Негизи, мыйзамсыздыкка чара көрүлүшү керек эле да?
— Туура айтасыз, мыйзамсыздыкка чара көрүлүш керек болчу, анткени бул жерлер коррупциялык негизде берилген. Жер тилкелерди жөнөкөй жаран алган эмес, чиновниктерге, депутаттарга, соттун судьяларына, прокурорлорго берилген. Бирок, алардын 70% жерлерин сатып жиберишкен, кээ бирлери 10 ирет колдон колго сатылган. Эми алардан тартып алуу туура болбойт да. Буга чейин териштирилген, депутаттык комиссия караган, мен өзүм бул боюнча мыйзам долбоорун чыгаргам. Аталган жерлер мыйзамдуу деген Жогорку Соттун чечимдери бар. Ошого катар парктын чек арасын буга чейин атайын аныкташкан эмес. Азыркы мэр аны аныктады, эми мындан ары берилбеш керек. Ал эми курулган үйлөргө мүлк салыгын көтөрүш керек. Кылмыш иши ачылса, мурунку мэрлер, акимдер соттолушу шарт.
— Быйылкы Эгемендүүлүк майрамынын алдында жаңыдан курулган Президенттик Администрациянын имараты – “Ынтымак Ордо” ачылды. Коомчулукта көз карандысыздык алган мезгилибизден бери мындай имарат курула электиги айтылууда. Чындап эле бул дагы жемиштүү иштин жыйынтыгы болдубу?
— Туура, эгемендүүлүк алгандан бери бизде монументалдуу имарат курула элек болчу. Бизде соода борборлору, тойканалар, айрым учурда кенедей китепканалар салынганын билебиз. “Ынтымак Ордо” алкоого татырлык курулуш болду. Президент ушул иши менен да тарыхта калат десек жаңылышпайбыз. Азыр мен 30 жыл ичинде эмне себептен ушундай курулуш курулбагындыгына түшүнбөйм. Курса болмок, эч ким тоскоолдук кылган эмес эле.
— “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланды. Буга чейинки жетекчилер темир жолду куруу керектигин айтып, бирок ишти жылдыра алган эмес. Мына бүгүнкү күндө Кыргызстанды туңгуюктан чыгаруучу ири долбоордун курулушу башталганы турат. Муну азыркы бийликтин чечкиндүүлүгү катары бааласак болобу?
— Бул чоң саясий эрк. Себеби, буга чейин да ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок Кытай же Россия тарапка маселени түшүндүрө албай, илең-салаң болушуп, эрктүүлүктү көрсөтө албай келишкен, жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Демек, темир жол багытында жасалып жаткан иштер мамлекетибиз үчүн чоң ийгилик. Темир жол курулуп бүтсө бизге өтө чоң пайда алып келет. Келишим ратификацияланып жатканда мен чыгып суроолорду бербей эле колдоп коёлук деп айттым. Чындыгында эле бул өтө чоң иш. Темир жол курулушу башталгандан эле канча киши иш менен камсыз болот. Ишке киргенден тартып товарлар экспор-импорт болуп, транзит үчүн каражаттар түшө баштайт. Экономикабыздын өсүшүнө чоң өбөлгө түзүлөт.
— Жайкы каникул маалында шайлоочулар менен кандай маселелер, көйгөйлөр боюнча баарлаша алдыңыз?
— Менин шайлоочуларым шаарда, бул жердеги көйгөйлөр баягылар эле – балдар аянтчалары, мектеп, бала бакча, поликлиника, ички жолдор жана мыйзамсыз курулуштар. Ички миграция Бишкекте көп болгондуктан көйгөйлөр ушул маселелерге байланган. Албетте, кээ бир маселелерди чечсе болот, демөөрчүлөрдү таап скверлерди оңдотуп жатабыз. Айрым жерлерге балдар аянтчаларын куруп жатабыз. Ошондой эле Ахунбаев, Юнусалиев, Байтик баатыр көчөлөрүндө жолдор оңдолду. Бирок, Совет доорунан бери каралбай калган кичи райондордогу ички жолдор бар, алардын да оңдолушуна үмүт кылып туралы. Дагы бир маселе, азыр экологияга зыян келтирген маршруттук таксилер чыгарылып, автобустардын келгени абдан жакшы болду. Ырасын айтсак, жаңы конуштарда жетишсиз болуп жатат, муктаждыкты толук камсыз кылыш үчүн каражат таап дагы жаңыларын сатып алышыбыз керек. Мен бул жерде бир маселени айта кетейин, биз шаардагы жеке транспортко жана мүлккө болгон салыктарды көтөрүшүбүз керек. Коркпой эле салыктарды көтөрүүгө баруу зарыл. Ошондон түшкөн каражатка автобустарды сатып алсак болот.
— Соңку суроо, сиздин баамыңыз боюнча мамлекеттин саясаты кандай нукта кетип баратат?
— Мен туура нукта баратат деп эсептейм. Ооба, айрымдар башкача чечмелеши мүмкүн, бирок туура нукта экенин экономикалык көрсөткүчтөр тастыктоодо. Мисалы, пенсияны карайлы, мен январь айында Конституция боюнча белгиленген жашоо минимумунан төмөн пенсия болбошу керек деп айткам. Тогуз айдын ичинде мамлекет каражат таап ишке ашырды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Эл дагы ушуну айтып, баалап жатат. 2,5 миң, 3 миң сомдон пенсия алгандар бар эле, октябрдан тартып алар 6900 сомдон ала баштайт. Жөлөк пул да өстү. Сентябрдан тарта дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү. Буга чейин мугалимдерге да кошулган. Мунун баары экономикалык жылыштар. Социалдык объектилердин, ишканалардын ачылышы да көрсөткүч. Салыктын көлөмү көбөйгөн жок, баягы эле өлчөм менен каражатты көп таап баштадык. Менимче социалдыкэкономикалык саясат жагынан туура эле баратабыз. Тышкы саясатта дагы жагдай жакшырды. Өзбекстан менен жакшы дос болуп калдык. Мурда чек арада аткылашып жатчу элек, азыр андай жок. Чогуу долбоорлорду ишке ашыра баштадык, автоунаа чогултуп жатабыз. Кыргыз-өзбек фонду иштеп, кичи ГЭСтерди куруп жатат. Кытай менен чоң долбоорго кириштик, Кудай буюрса жакынкы жылдарда темир жолду курабыз. Соода жаатындагы алака-катышыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Тажикстан менен чек араны бүтсөк эле, менимче ынак доско айланабыз. Ооба, өткөн чакта конфликттер болду, эми андайга жол бербешибиз керек. Кылымдар бою канатташ жашаганбыз, мындан ары да коңушу болуп күн кечирерибиз анык, андыктан ынтымакты чыңдашыбыз зарыл. Эки жылдан бери чек арабыз тынч болуп жатат, ылайым ушул калыптан жазбайлы. Ал эми Казакстан менен көйгөй жок, товар өткөрүүдө гана бут тоскон учурлар бар, аны атаандаштык деп түшүнсөк болот. Негизинен, тышкы саясат жакшы.
Зулпукаар Сапанов