Депутат Динара Ашимова парламенттеги укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде иш алып барат. Соңку убакта өлкөдө аялдарга, жаш өспүрүмдөргө карата биринен сала бири жүз берип жаткан зордук, зомбулук окуялары боюнча эл өкүлү катары пикирин сурап кайрылдык.
— Динара Ашимовна, соңку 2 айда аялдардын зордук-зомбулукка кабылганы, алтургай зөөкүрлөр тарабынан өлүмгө дуушар болгон көрүнүштөр биринен сала бири катталып жатканы жан кейитүүдө. Мындай көрүнүштү мыйзамга катаал жаза киргизүү менен чектесек болот беле?
— Соңку убакта биз угуп-көрүп жаткан оор мүнөздөгү, бүткөн бойду дүркүрөткөн оор кылмыштар айсбергдин үстү гана десек болот. Зөөкүрлөр же оорукчан болобу, азыр алар тарабынан жасалып жаткан кылмыштардын ачыкка чыккан жыйынтыгын көрүп жатабыз. Ошондуктан, мындай кылмышкерлерге каршы мамлекетте атайын система иштеши керек. Тагыраагы, бала бакча, мектептен тарта жогорку окуу жайларында бул багытта атайын алдын-алуу иш-чараларын жүргүзбөсө болбойт. Азыр зордук-зомбулук күчөгөндүктөн, социалдык коргоо кызматкерлери, айрыкча укук коргоо жана пробация органдары күчөтүлгөн ыргакта иштөөлөрү зарыл. Кылмышка баргандар үчүн түзөтүү программаларын, жазасын өтөп чыккандар үчүн да атайын программа иштетпесе болбойт. Ушул сыяктуу маселелердин бардыгын камтыган мыйзам долбоорун биз парламенттен демилгелеп, киргизип жатабыз. Соңку убакта болуп жаткан жагымсыз окуяларды уккан соң ачык айтканда мен өлүм жазасына кайтыш керекпи деген ойдо болуудамын. Айрым кылмышкерлер өлүм жазасына гана татыктуу окшойт…
— Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси эл аралык уюмунун 2023-жылдагы баяндамасында Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашканы маалым болду. Өлкөбүз үчүн кагылган мындай жагымсыз коңгуроого парламенттен эмнеге олуттуу көңүл бурбай жатасыздар?
— Туура, азыр дал ушул жааттагы эл аралык рейтингде Кыргызстан жакшы эмес орунда турат. Бул жагын моюнга алганыбыз оң. Мындай маселени эки тараптуу караган туура болот. Кыргызстан соңку убакта кылмыштуулук боюнча ачык маалымат берип жатат. Статистиканы биз эч кандай жаап-жашырбастан, коомчулукка, эл аралык уюмдарга ачык берип жатабыз. Андыктан, биздин өлкөдө жүз берип жаткан кылмыш-кырсык, зордук-зомбулук окуялары өтө бийик көрсөтүлүүдө. Орто Азия чөлкөмүндө, алтургай алыскы Европадагы өлкөлөр зордук-зомбулукка байланышкан статистикасын бизчелик ачыктабай, жаап-жашырып, “эл аралык деңгээлдеги рейтингибиз төмөн түшүп кетет” деп келишет. Мен бул жагын даана, так билем! Ошол эле Өзбекстанда бизге караганда зордук-зомбулук көрүнүштөрү бизге караганда алдаганча көп. Германияда ар 3 күнү аялдарга болгон зордук-зомбулук иштери катталып, өлүмгө чейин жетет экен. Алардын укук коргоо органдары мындай көрүнүштөрүн ачыктабай, эл аралык уюмдарга маалымат беришпейт экен. Айымдарга карата зордук-зомбулук негедир соңку убакта бүтүндөй дүйнө жүзүндө жылдан-жылга көп катталууда. Энеге, кыз-келиндерибизге болгон адамзаттын мамилеси өзгөрүп, ыймандан кетип бараткандай сезилет. Биз башка өлкөлөргө атаандашпастан, ири алды өзүбүздү оңдогонубуз оң. Биздин идеология ыйман менен байланышкан. Учурда өлкө аймагында жума намаз учурунда бул багытта эркектерге атайын хутбалар айтылууда. Мындай алдын-алуу иштери токтобошу керек деп эсептейм.
— Бул аптада парламентте Баш прокурор Курманкул Зулушев жыл ичинде тармакта аткарылган иши боюнча отчет берди. Мыйзам көзөмөлдөөчү органдын аракети эл өкүлү катары сиздин купулуңузга толдубу?
— Жалпы көрсөткүчтөрүнөн алып караганда жаман эмес. Прокуратура тармагында эмгектенип, ошол тармактан өсүп чыккан кадр катары кеп кезеги келгенде адилеттүү пикиримди айтып коеюн. Өлкө аймагы боюнча прокуратура системасында миңге жетпеген кызматкер эмгектенет. Мыйзам көзөмөлдөөчү органдын өз ичине камтыган бир катар багыттары бар. Алар сотко катышкандан тышкары жалпы күч органдарынын ишмердүүлүгү менен өлкөдөгү жалпы мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү жүргүзүшү зарыл. Элестетсеңер, миңге жетпеген адам өлкө аймагы боюнча мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылаарын. Өз кезегинде 20 жылга жакын прокуратура тармагында дээрлик эмгек өргүүгө чыкпастан иштеген кызматкер катары бул тармактын ишинин оордугун мен жакшы билем. Бул жагы коомчулукка көп байкалбайт. Бир кызматкер 20 адамдын ишин аткарат. Парламентке келген Баш прокурордун отчетун карап чыгып, радиациялык коопсуздук боюнча прокуратура көзөмөл кылуусун тармак жетекчисинин өзүнө айтып, сын пикиримди айткандан тышкары бир катар сунуштарымды бердим. Курманкул Зулушев бул жагына реакция жасап, сунуштарым боюнча иш планга киргизүү аракет кылаарын айтты.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-майы