“Ыйман Нуру” партиясы аркылуу депутаттык мандатка ээ болгон Динара Ашимовнанын кесиби юрист. Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин прокуратура органында көптөгөн жылдар бою иштеп, мыйзамдарды семичкедей чаккандыгы менен айырмаланган эл өкүлү учурда парламенттеги укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча негизги комитетте иш алып барат.
— Динара айым, фракциянын көчмө жыйынын Кара-Кулжадан өткөрүп келипсиздер. Түштүк аймагыбызда кандай таалулуу маселелер айтылды?
— Ооба, алыскы Кара-Кулжа аймагына биздин фракциянын депутаттары барып, көчмө жыйын өткөрүп, карапайым элибиз менен жолугушуп кайттык. Жолугушууда шайлоочуларыбыздын көпчүлүгү мектеп, оорукана, стадион, ички жолдордун абалы туурасындагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, көтөрүлгөн маселелерди бирге талкууладык. Фракциябыздын атына жазылган арыздарды кабыл алып, андагы көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү тармак жетекчилери менен бирге чечкенге аракетибизди кылабыз. Элдин суроо-талабы жоопсуз калбашы керек. Көйгөйлөрдү колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче чечебиз!
— Кыргызстан ялдардын өмүрү үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде Борбор Азиядагы эң төмөнкү орунду ээледи. Алакандай өлкөбүз үчүн мындай жагымсыз көрүнүштөн чыгуунун жолу барбы?
— Туура, бул маселе өтө өкүнүчтүү болуп жатат. Дал ушул жаатта өлкөбүз жакшы эмес рейтингдерди көрсөтүүдө. Бул жагын моюндашыбыз керек. Ушундай маселелердин тегерегинде кезегинде Германияга атайын иш менен барып келгем. Маселен, Германияда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча ар эки күндө аялдарды өлтүрүү фактысы катталып турат экен. Бизде деле бул жааттагы статистикабыз жакшы эмес. Көңүл чөгөргөн көрүнүштөр көбөйүп жатат. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, сенин сурооңдогудай көрүнүштөрдүн рейтингдерин кимдер чыгараарын түшүнө албайм. Балким биз болгон статистикабызды берип жаткандырбыз… Жеке менин түшүнүгүм боюнча бул маселе Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө өтө чоң көйгөй. Ошонун ичинен биздин өлкө да тизмеге илингени аял катары мени абдан тынчсыздандырат.
— Кыргыздын кыздарынын бети-башын, кулак-мурунун кескилеп, балталап өлтүргөн кылмышкерлердин эң аз, жеңил-желпи жаза алышын Жогорку Кеңеш эмнеге жеткиликтүү көзөмөлгө ала-албай жатасыңар?
— Маселен, өткөндө Селекциядагы келиндин бети-башын кескилеген жүрөк титиреткен окуя боюнча мен атайын Жогорку Кеңештен жыйын өткөрттүм. Ошол жыйында укук коргоо органдарына бир катар тапшырмаларды бердик. Колу кан кылмышкерге карата соттун 8 жылдык чыгарган чечими анын кулак-мурунун кескилеген фактысы менен эмес, мурдагы кылмыш иши боюнча жаза берген. Ал эми кулак-мурдун кескилеген айбандык иши боюнча ушул күндөрү тергөө иштери жүрүп жатат. Иш сотко жете элек. Ооба, соттук иштерде, тергөөдө көптөгөн мүчүлүштүктөр бар. Ошондой мүчүлүштүктөр менен күрөшүш үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун чыгаргам. Тиешелүү комитеттегилер мындай мыйзам долбоорун колдоп берип жатышат. Алдыда бул мыйзамды 3 окууда өткөрүп алсак, өтө чоң өзгөрүүлөр болмокчу. Ошого катар мындай зомбулуктар эмне себептен болуп жатканынын тамырын изилдеп, көйгөйдү алдын-алуу боюнча колдон келген аракеттерди кылып жатабыз.
— Жакында өлкөбүздө Элдик Курултай өтөөрү маалым болду. Курултайда кандай маселелер айтылса дейсиз?
— Курултайда күнүмдүк көйгөйлөрдү эмес, мамлекеттик масштабтагы идеологиялык маселелерди көбүрөөк сүйлөшсөкпү дегим келет. Себеби, биз 30 жылдан бери жалпыбыз баш ийе турган, жүрөгү, кан-жаны менен берилип турган мамлекеттик маанидеги идеологияга жете албай турабыз. Аксакалдарыбыз чогулуп, өзүбүздүн элибиздин менталитетине жараша, демократиялык принциптерди, ыйманды карманган идеологияны иштеп чыгып, Элдик курултайда баарлашсак жакшы болмок.