Жакында “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясынын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алган Динара Ашимовна менен өлкөдөгү адам укугу, соңку убакта көбөйүп бараткан үй-бүлөлүк зордукзомбулук көйгөйлөрүнүн тегерегинде баарлаштык. Мыйзамдарды “чемичкедей чаккан” кечээки прокурор, бүгүнкү эл өкүлү биздин соболдорго ынанымдуу түрдө жооп узатты.
— Динара айым, ушул күндөрү кичи мекениңиз Алайда катталган кичинекей наристе балага жырткычтык менен мамиле кылган адамдын иши жалпы элдин, айрыкча интернет желесиндегилердин кыжырын кайнатууда. Бул окуядан кабар ала-алдыңызбы? Ата атына татыксыз айбан жеңилжелпи жаза менен кутулуп кетпейби?
— Алайдагы бүткүл элдин үшүн алып, кыжырын кайнаткан окуя бүтүндөй өлкөбүздөгү жаман тенденциянын бизге билинип, көзүбүзгө көрүнүп калган бир бүркүмү гана болууда. Мен бул жаман окуядан кабардар болоор замат Ички иштер министрлигинин тиешелүү жетекчилери менен байланышып, окуяны тыкыр көзөмөлгө алууларын сурандым. Жакынкы күндөрү өзүм дагы Алайга барып, эң оболу кичинекей наристеден кабар алып, ал жердеги социалдык кызматкерлер баштаган тиешелүү жетекчилер менен сүйлөшөм. Ал эми кичинекей наристеге зордукчулук кылган атасына байланышкан тергөө амалдарына кийлигишкенге акыбыз жок. Бул ишке коомчулуктун кыжырдануусу катуу болду, андыктан күч органдары тергөө амалдарын адилеттүү нукта жүргүзөт деп ишенем. Жыйынтыгы соттун чечимине байланыштуу болот. Биз эң биринчи системаны өзгөртүшүбүз керек. Мунун үстүнөн, тагыраагы, зордук-зомбулукка каршы тиешелүү мыйзамга өзгөртүүтолуктоолорду киргизип, соңку 3 жылдан бери тынбай аракет кылып иштеп келем. Дал ошол оңдолуп-толукталган мыйзам долбоорлоруна Президентибиз Садыр Жапаров кол коюп берди. Эми ошол толукталып, абдан жакшы механизмдер каралган мыйзамдын арты менен жогорудагыдай, дегеле адам үшүн алган зордук-зомбулукка алдын-ала чара көргөнгө жакшы шарттар түзүлдү. Аныгында зордук-зомбулукка каршы мамлекеттин системасы иштеп турушу керек. Биз мындай система иштеп турушуна жол ачтык. Бул боюнча жакында коомчулукка түшүндүрүү иштерин баштайбыз. Дагы айтам, мамлекет системалуу түрдө жогорудагыдай жаман окуяларга бөгөт коюшу керек. Аныгында мамлекеттик казынадан буга аябагандай чоң акча булагы керектелет. Ошого карабастан Президент бул мыйзамды колдоп бергенине абдан ыраазы болдум.
— Жакында Баткен облусунда ушул жылдын 8 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 481 учуру катталса, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары быйыл 22%га көбөйүптүр. Айрыкча, соңку убактагы аялдар менен балдарга жасалган үрөй учурган зомбулукту кантип ооздуктайбыз? Сыртта жапайычылык же караңгы доор өкүм сүрбөгөн соң бул окуялар эмнеден кабар берет?
— Ишенсеңер, Ички иштер министрлиги азыр дал ушундай статистиканы ачыкка чыгарып жатат. Мурда же буга чейин мындай кайгылуу окуялардын эсеп-кысабын чыгарган статистикалар ачык көрсөтүлбөй, “бармак басты” болуп жарыяланбай келген. Соңку 3 жылдан бери күч органдары тарабынан зордук-зомбулукка көп көңүл бурулуп, статистикалык маалыматтарды ачык, так берип жатышканы үчүн көпчүлүк маалыматтарды реалдуу шартта билип жатабыз. Зордукзомбулук окуяларынын көбөйүп жатышы, элибиздин үйбүлөлүк абалдарынын экономикалык жактан туруксуздугунан улам келип чыгууда. Көп урушталаштар кыргызда жетишпегендиктен келип чыгат. Урушталаш чыкканда эркектерибиз ичкиликке кирип кетишип, ичкиликтин арты сөзсүз өкүнүч менен аяктоодо. Анын арты менен ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын арасында зомбулук күч болууда. Негизи ыймандан кетип, эч нерсеге карабай калган учурда зордуктоо күч алаары шексиз. Кыскасы, бир канча себептерден улам жаман окуялар жүз берүүдө.
— Ыймандуулук маселесине мечиттердин көп-азы да таасир этпей жатабы?
— Жаз айларында өлкөбүздүн азирети муфтийи Абдулазиз Каары Закиров жаңы кызматка келгенде биздин фракциянын депутаттары куттуктап барып, дал ушул темалардын айланасында кеңири маанайда баарлашканбыз. Анткени жума намазга өлкөбүздө эң чоң күч болгон эркектерибиздин жоон тобу келишет. Дал ошол убакыттарда жума баян аркылуу зордук-зомбулукка каршы чакырык жасап, Ислам дининдеги анын жазасы катаал болоорун айтып берүүсүн суранганбыз. Азыр улама, аалымдарыбызды көпчүлүк элибиз жакшы угушат. Азирети муфтийибиз биздин суранычыбызды жерде калтырбай, бул жагынан жакшы иш-аракеттерди көрүп, жума күндөрү бул тууралуу баяндарды өтүп турушту. Мындай алдын-алуу иштерин мечиттер менен гана чектебестен мектеп, ЖОЖдордо мамлекеттик мекеме-ишканаларда кеңири жүргүзүшүбүз керек. Үйбүлөсүнө, бала-бакырасына зордук-зомбулук көрсөткөндөргө мамлекет катуу чара колдонуп, укуктук, социалдык система киргизишибиз зарыл. Антпесек күн сайын күчөп бара жатат. Коомчулук да мындай жаман иштерге тез реакция кылып, жардам бербесе болбойт. Бул боюнча мыйзам кабыл алынды, жакында бул жаатта эң чоң кадамдарды жасайбыз.
— Бизде буга чейин деле мындай мыйзамдар кабыл алынып келбеди беле. Бул мыйзамдын мындан ары иштешине кепилдик барбы?
— Бул сапар мыйзам иштейт деп ишенем. Мамлекетибизди көрүп жатасыздар да, мыйзамдар иштеп, тартип орноп жатат.
— Ушул тапта Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары эмгек мигранттарына Орусияга үй-бүлөлөрүн алып келүүгө тыюу салуу керектигин демилгелешүүдө. Мындай шартта Орусиядагы биздин жүз миңдеген эмгек мигранттарыбыздын абалы сизди тынчсыздандырбайбы? Эл өкүлү катары Орусиялык кесиптештериңиз менен бул көйгөйдү талкуулоого болобу?
— Албетте, Мамдуманын мындай аракеттери мени депутат гана эмес, кыргыздын намыскөй кызы катары да тынчсыздандырат. Биз азыр көрүпбилип тургандай, мигранттарыбыздын үй-бүлөлөрү калып калышса алардын үй-бүлөлүк очоктору бузулуп, балдары кароосуз абалда калып (зомбулукка кабылганын көрүп жатабыз), айтор, жеке жашоолорунан көптөгөн мүчүлүштүктөргө кабылышканы маалым болууда. Алардын кийинки турмушу менен тагдырлары кандай болот? Бул жагы өтө оор маселелерден. Жакында Президентибиздин басма сөз катчысы тигүү жана курулуш тармагында иштеп жатышкан мигранттарыбызга Кыргызстанга келип, өзүбүздүн эли-жерибизден иштөөгө чакырык жасады. Бул өтө жакшы жышаана. Мындай шартта биздин мигранттарыбыз да ойлонушуп, татыктуу жашоо өзүңдүн өлкөңдө гана болооруна көңүл бурушса дээр элем. Биздин бир нече депутаттарыбыз жана фракциядагы кесиптештерибиз менен биргеликте Мамдуманын өкүлдөрү менен парламенттик ассамблеяларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыр документтер даярдалып, сүйлөшүүлөр башталды.
— Жакында туңгуч президентибиз Аскар Акаев Парламентке “экс-президент” макамын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Тажрыйбалуу юрист катары айтыңызчы, Акаевдин суранычы канчалык деңгээлде жүйөлү деп ойлойсуз?
— Бул маселеге мен кескин түрдө макул эместигимди билдирем. Прокуратура органында иштеп кеткен адис катары ага 2005-жылдары бир нече иш козголгонунан кабардармын. Кезегинде ал кишиге карата өзүм да кылмыш иштерин козгогом. Прокуратура органдарынын кызматкерлери ошол кезде өлкөбүздүн тышкы карызы эмне себептен пайда болгонун талдап чыкканбыз. Мунун айынан да бир нече өтө чоң иштер козголгон. Бардык иштер Акаевдердин үй-бүлөлүк “уюгуна” келип такалган. Эми ошол иштердин жыйынтыгы эмне болду? Элге келтирилген зыяндын орду толтурулдубу? Аскар Акаевдин арызы Жогорку Кеңешке келип, Парламенттин жалпы жыйынында карала турган убакта мен сөзсүз бир канча суроолорумду жолдоп, тактап, ага карата козголгон бир канча иштердин аягы эмне болгонуна жооп алгым келет. Калыгул Бейшекеев